Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаш баланы бешикке жаткызып, ороп-чулгап таңуу. Эне мени эр болсун деп төрөдү, Эркелетип ак бешикке бөлөдү (Осмонкул). Ардактап мени төрөгөн, Алдейлеп сүйүп бөлөгөн (Токтогул). || Ороо, таңуу. Шымаланган жигиттер аны бат эле чычырканакка бөлөп салышты (Сыдыкбеков). 2. Кармалган жапайы куштарды кийизге ж.б. канаттарын кайырбай тургандай таңып ороо. 3. өт. Каптоо, курчоо, ороо, балкытуу, чөмүлтүү. Азыр Асылдын бакытка бөлөнүп, ырыска чөмүлүп турган учуру («Эркин Тоо»).