бөл
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Бөлүккө ажыратуу, бөлүк-бөлүк кылуу. [Жума].. талды чот керки менен эки бөлүп, казык жасады (Жантөшев). Баласына алп куштун, Ушу турган ажыдаар, Алты бөлүп берейин («Эр Төштүк»).
- 2. Үлөштүрүү, тийиштүү энчилерин ажыратып берүү. Эмгек бөлдү. Энчи бөлдү.
- 3. Ажыратуу, ажыратып чыгаруу. Уулунун үй-жайын өзүнчө бөлүп коюшту («Ала-Тоо»). Жакшымды алып, жаманымды бөлүп сал (Осмонов).
- 4. Өгөйлөө, өзүнө кошпоо, жат көрүү. Өз тууганын бөлүп салып, жат кишиге мамиле кылган адамдар да болот («Чалкан»).
- 5. Үзүү, аягына чыгарбай, улантпай коюу. Кемпирлердин эч кимиси карынын кебин бөлбөй, Камканы кадырлашат (Сыдыкбеков). Сырттан чыккан дабыш менин оюмду бөлүп, тынчымды ала баштады («Ала-Тоо»).
- 6. Топтоо, бир багытка буруу (көнүлдү, ойду ж. б.). Керез Кычандын киргенине анчейин көңүл бөлбөдү (Бейшеналиев).