1. волчонок;
бөрүнү атып Кал мерген, бөлтүрүгүн ыйлатты стих. убив волка, Кал-охотник заставил волчонка плакать;
2. южн. бот. клоповник ползучий, клоповник широколистный.
зат. Карышкырдын баласы, бөрүнүн күчүгү. Бөлтүрүктү ит деп бакпагын, Иттей болбойт кыялы (Жантөшев).
бөлтүрүк, бөлтүрүгү, бөлтүрүккө
Карышкырдын баласы, бөрүнүн күчүгү. үңкүрдөн карышкырдын беш бөлтүрүгүн алып, кишилер айылга олжолуу кайтышты (Каимов).
«Карышкырдын күчүгү» деген мааниде айтылган бөлтүрүк сөзүнүн аягында -дырык мүчөсү бар деп билгенде, бөл+түрүк морфемаларына ажырайт. Кыргызча моюнтурук сөзү моюн+турук дегенден куралган сыяктуу эле, бөлтүрүк сөзүндө -түрүк мүчөсү катышышы мүмкүн. Ошондо бөл уңгусу түшүнүксүз сөз болуп кала берет. Тува тилинде бөлтүрүк сөзү бөрзек аталат (ТувРС, 108). Ушуга караганда бөл уңгусу алгачкы бөр (<--бөрү) сөзүнүн р тыбышы л тыбышына алмашкан түрү болуп чыгат.