БӨЛТҮРҮК
Краткий этимологический словарь кыргызского языка«Карышкырдын күчүгү» деген мааниде айтылган бөлтүрүк сөзүнүн аягында -дырык мүчөсү бар деп билгенде, бөл+түрүк морфемаларына ажырайт. Кыргызча моюнтурук сөзү моюн+турук дегенден куралган сыяктуу эле, бөлтүрүк сөзүндө -түрүк мүчөсү катышышы мүмкүн. Ошондо бөл уңгусу түшүнүксүз сөз болуп кала берет. Тува тилинде бөлтүрүк сөзү бөрзек аталат (ТувРС, 108). Ушуга караганда бөл уңгусу алгачкы бөр (<--бөрү) сөзүнүн р тыбышы л тыбышына алмашкан түрү болуп чыгат.