БөЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бөлүккө ажыратуу, бөлүк-бөлүк кылуу. Жума талды чот керки менен эки бөлүп, казык жасады. (Жантөшев). Баласына алп куштун Ушу турган ажыдаар Алты бөлүп берейин («Эр Төштүк»). || Айрым топторго ажыратуу, топ-топ кылуу. Камбыл найза саюучу Кайраттууну бир бөлдү («Манас»). 2. Тийиштүү энчисин берүү, үлөштүрүү Көргүм келет, көргүм келет айлымды, Көргүм келет эмгек бөлгөн айларын (Осмонов). Казан асып, үй тигип, Малдан бөлүп беремин («Мендирман»). 3. өзүнчө үй-бүлө катарында ажыратып чыгаруу. Уул-келининин үй-жайын өзүнчө бөлүп коюшту («Ала-Тоо»). 4. Бытыратуу, бытыранды кылуу, чачылтуу. Турган душман көп колду Туш-туш жакка бөлдү дейт («Олжобай менен Кишимжан»). Аралап кирсек душманды Алды-алдынан бөлөбүз («Курманбек»). || Айыруу, окчундатуу, бирге койбоо. Алыска айдап элимден Бөлгөндөгү кербезим (Токтогул). || Ажырым кылуу, биримдүүлүктү бузуу, бузукулук салуу. Алың жетпей калдыңбы Арасын эки бөлгөнгө («Олжобай менен Кишимжан»). Кармаштырып эки элди Касымбек, Калпа тең бөлгөн. (Тоголок Молдо). 5. Айыра таануу, бири-биринен болгон айырмасын ажырата билүү. Кара көңүл адамдан Бөлө жүр дайым чегиңди («Мендирман»). Жакшынын жакшы жагын бөлө билгин (Осмонкул). || Айрым ажыратып алуу. Уй бөлүп алам деп келип Качалы деген жер ушул (Турусбеков). ||Бири-биринен айырмалап иргөө, айрым составдарга ажыратуу. Күрүчтү күрмөгүнөн бөлүү. || Электр шамын жагууга Суудан бөлүп от алдык (Нуркамал). 6. үзүү, тоскоолдук кылуу, уланышына жолтоо болуу. Омор Берметтин сөзүн бөлдү (Сыдыкбеков). Ал кезде эненин оюн Арзыкул бөлдү (Байтемиров). Тетиги Сабийраң уйкумду бөлдү (Сыдыкбеков). 7. Топтоо, кандайдыр бир нерсеге топтоштуруу, айрыкча буруу, багыттоо. Ар качан бөлүп санааны, Эңсөөчү элем бул жайды (Маликов). Турмушка жаңы түр берип, Көңүлдү ишке бөлгүлө! (Осмонкул).