Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БӨЛҮНГҮС БУЮМ – бөлүштүрүүнүн натыйжасында анын бөлүктөрү адепки касиеттерин жана дайындалуу милдетин жоготуп коюучу буюмдар. Б. б. үлүштөрүн менчикке алуу укугу жарандык мыйзамдарда белгиленген эреже, ченемдер аркылуу аныкталат.