Киргизско-русский словарь Юдахина
сан I
бедро, ляжка;
жоон сан верхняя (толстая) часть бедра;
шымды жоон санга чейин түрүп засучив штаны до бёдер;
кара сан толстая часть бедра (лошади);
камчы салды атына, кара санга катыра фольк. стегнул он плетью крепко по бедру коня своего;
саны калактай болду ляжка у него стала плоской (от худобы);
серке сан или куурай сан
1) жидковатые ноги;
2) жидконогий;
буура сан толстенная ляжка (букв. как у верблюда-жеребца);
бука моюн, буура сан балбан келди Манаска фольк. прибыл к Манасу силач с бычьей шеей, с толстенными ляжками;
алты сан все члены тела, весь организм;
алты саным аман болсо если я буду жив-здоров;
алты саныбыз аман, ар иш колубуздан келет мы совершенно здоровы, можем выполнять любую работу;
сан-сан болуп айрыл- или сан-сан болуп жыртыл- разлезться;
көйнөк сан-сан болуп жыртылды платье разлезлось;
сан-саны чыгып кыйрады
1) разлезлось, совсем разорвалось;
2) затрещало по всем швам (напр. о каком-л. деле).
сан II
1. число, количество, счёт;
сан жана сапат жагынан в количественном и качественном отношениях;
2. номер (газеты, журнала);
бүгүнкү санда в сегодняшнем номере (газеты);
3. перен. несметное количество, (иногда) десять тысяч;
сан караны миң кылдың несметное количество крупного скота ты превратил в тысячу;
караң коюп, каның кел; миңиң коюп, саның кел фольк. не только простой народ, пусть (даже) хан твой явится; не только тысяча, пусть даже тьма (народу) явится (я не боюсь);
санды-түмөн тьма-тьмущая;
санды-түмөн кол болсо, жазганбай жоого бир тийген когда врагов оказывалась (даже) тьма-тьмущая, он смело нападал;
4. мат. число;
бүтүн сан целое число;
так сан нечётное число;
жуп сан чётное число;
аттуу сан именованное число;
бөлчөктүү сан дробное число;
5. грам. число;
жекелик сан единственное число;
көптүк сан множественное число;
6. грам. числительное;
эсептик сан количественное числительное;
иреттик сан порядковое числительное;
кылган иштин саны жок сделанного не видно; нет никаких результатов работы;
санда жок тот, кто и в счёт не идёт, кого и за человека-то не считают;
санда жок жаман или санга кошулбаган жаман (о человеке) никчёмный;
тирүү десе, санда жок, өлүү десе, көрдө жок фольк. если считать его живым, то его нет в числе (живых людей), если считать мёртвым, его нет в могиле;
санга ал- принять в число стоящих, заслуживающих уважения (людей);
"кымбатым Манас санга алса, кыйкырып кылыч чабам" деп фольк. если мой дорогой Манас сочтёт меня стоящим, я с гиком буду рубить мечом;
сандан кетир- вычеркнуть из числа стоящих, заслуживающих уважения людей;
сайда саны, кумда изи жок или сайда саны, кумда куну жок даже признаков никаких нет; пропал бесследно;
эл сени сайда саныңды калтырбайт народ тебя выбросит из своей среды;
сайда саны жок великое множество;
сайда саны жок боз үйлөр, чөп алачыктар, жер кепелер турат стоит великое множество юрт, шалашей, землянок;
сан тийбеске сан тийди, табак-табак нан тийди погов. кому чести не было, честь досталась, блюдами хлеб достался; давно ли наш Макар огороды копал, а теперь наш Макар в воеводы попал.
сан III почёт, авторитет;
санды кетир- опозорить, осрамить;
кейишке салар жаныңды, кетирер минтип саныңды фольк. огорчит он душу твою, опозорит он тебя;
кейитермин жаныңды, кетирермин саныңды фольк. причиню я неприятность тебе, опозорю я тебя;
санды саа ким берди?! как ты осмелился?! кто тебе дал право?!;
көк аланы бу сурап, санды саа ким берди?! фольк. просить (у меня) серо-пегого (коня) как ты осмелился?!

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Буттун жамбаштан тизеге чейинки бөлүгү. Буттарың буура санындай, Мурдагы жаштык барында, Булкушар балбан табылбай (Токтогул). [Адылдын] бели көтөрүлбөй, эки жоон сандын териси тыз-тыз ооруду (Сыдыкбеков).
Куурай сан — арык, илмийген, ичке. Кумурска бел, куурай сан. Санын чабуу — бир нерсеге аябай өкүнүп калуу, кейүү. Итике санын чаап, кейиген кишисинди (Убукеев). — О, кокуй, десе!деди Тойчубек санын чаап (Баялинов). Алты саны аман-эсен — колу-буту чолок эмес, дени сак.
САН II зат. 1. Эсеп ишин жүргүзүүгө, бир нерсенин эсебин, канча экенин көрсөтүүгө колдонулган түшүнүк. Бүтүн сан. Так сан. Жуп сан. Бөлчөктүк сан.
  1. 2.                  Газета, журналдын улам чыгып турган белгилүү кезеги, номерлери.
  2. 3.                  грам. Көптүктү же жекеликти билдирүүчү морфологиялык каражаттар менен берилген грамматикалык категория. Жекелик сан. Көптүк сан.
  3. 4.                  Өтө көп, эсеп жеткис. Алдына сан жылкыны айдаган кең далы, узун бойлуу жылкычы («Жаш ленинчи»). Сан гүлдөн башы адашты (Сыдыкбеков).

Сан атооч — заттардын санын, иретин көрсөтүүчү сөз түркүмү. Миң сан — өтө көп, эсеп жеткис. Баш кошуп миң сан кедей артель болду, Турмуштар өзгөрүлүп, көп оңолду (Элебаев). Заңгырап катар-катар миң сан үйлөр Салынган ар жеринде эчен-эчен (Нуркамал). Сан жеткис — өтө көп, эсеп жеткис. Арсак тоолор көктү көздөй чалкалап, сан жеткис жылдыздар жымыңдайт (Сасыкбаев). Көз жетпеген өрдөштө, Сан жетпеген мал жатат (Осмонов). Сайда саны, кумда изи жок — дайыны чыкпай жоголгон, дареги билинбей кеткен, дарексиз.
САН III: сан-сан болуу — бөлөк-бөлөк болуп жыртылуу же тигишинен сөгүлүп кетүү. Көк дүрүйө көйнөгү, Сан-сан болуп бөлүнүп («Эр Төштүк»).
САН IV зат. Барк, атак-даңк. Кейитермин жаныңды, кетирермин саныңды.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сан I
м.
атак, наам;
носить высокий сан жогорку наамга ээ болуп жүрүү;
сан священника поптук наам.
сан- II
татаал сөздөрдүн "ден соолук", "тазалык" деген маанини билдирүүчү биринчи бөлүгү; мис. санчасть санчасть (санитардык бөлүк).

Киргизско-русский словарь Юдахина
сана I
ар. редко
год; летосчисление;
бир миң үч жүз он алты мусулманча бул сана стих. тысяча триста шестнадцатый (год) мусульманского (т.е. лунного) летосчисления.
сана- II
(ср. эсепте-)
считать устно;
кой сана- считать овец (поголовно, а не по записям);
мүнөт санап с каждой минутой;
күн санап с каждым днём;
жыл санап с каждым годом;
жыл санап өсүп келе жатат с каждым годом (всё больше и больше) растёт.
сана- III
1. думать, помышлять; замышлять;
алда кандай болот - деп, артын санап калбады фольк. он не подумал о последствиях, как, мол, это будет;
ак сана- желать добра, помышлять хорошее (для другого);
ажырашкан аял ак санабайт разведённая жена добра (бывшему мужу) не желает;
кара сана- замышлять недоброе;
кам санаба не беспокойся, не печалься;
кырга чыгып карады, кыйла санаа санады фольк. взъехав на хребет, он посмотрел, много дум передумал;
2. скучать, тосковать;
санадым, кетем элиме фольк. я соскучился, уеду к своему народу;
жерин санап скучая по своему дому или по своей родине.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Эсептөө, бир нерсенин эсебин чыгаруу; сандарды көбөйүү жагын көздөй катары менен атоо. Мал сана. Акча сана. Онго чейин сана. Жүзгө чейин сана.
САНА II этиш. 1. Ойлоо, ниет кылуу. Жетилсин деп жардыны Санабадың, беш каман (Токтогул). Уйпалаган кедейди, Убалы бар деп санабай (Тоголок Молдо).
  1. 2.                  Эстөө, эсине алып кусалануу, сагынуу. Жүрөгү сыздап токтонбой, Ошо Канышайды санаса («Курманбек»). Төрт балаңдай Шайымбет, Жалгызын санап дегдеди («Эр Табылды»). Жалдыратам көзүмдү Жатсам, турсам көп санап (Токтогул).
  2. 3.                  Эсептөө. Көркөм сөздү ок катары карайбыз, Күчтүү сөздү мыктуу курал санайбыз (Турусбеков).

Ак саноо — бирөөгө жакшылык ойлоо, жакшы ойдо, ак ниетте болуу. Арам саноо — жаман ойдо болуу, шектенүү. Жокко саноо — жокко эсептөө, жок болгон катары ойлоо. Кам санабоо к. кам I. Кара саноо к. кара III. Кооп саноо — шектенүү, күнөм кылуу, шек саноо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
мысль, дума; намерение; забота, печаль;
санаа күюндан да күлүк погов. мысль быстрее вихря;
жакшы санаа - жарым ырыс погов. благожелательная мысль - половина удачи (если, напр., я высказал уверенность, что клевета на меня будет опровергнута,- это уже половина удачи);
санаасы кыска у него ум короткий;
санааң кыска, ичиң тар, санаага башың салмаксың фольк. ум у тебя короткий, ты скуп, ты взвалишь на себя заботы;
санаасы жок сары сууга семирет погов. беспечный от простой воды жиреет;
санаа бас- рассеять тревожные мысли;
капаңды атың ачсынчы, санааңды атың бассынчы фольк. печаль твою пусть конь твой разгонит, тревогу твою пусть конь твой растопчет;
санаабыз тынып олтурат наше беспокойство утихает;
санаасы тынар его беспокойство пройдёт; он успокоится;
санаасы тынбады его беспокойство не улеглось;
солдат жүрсө артыңда, санааңа кайгы толбойбу фольк. когда сзади тебя идут (конвойные) солдаты, разве мысли твои не наполнятся тревогой;
санаага ал- замыслить;
заар салсам ашка - деп, санаасына алыптыр фольк. он замыслил, мол, не подложить ли (ему) в пищу яда;
санаага тол- дать удовлетворение, успокоить;
самааңа бул сөз толобу? эти слова тебя удовлетворят или успокоят?
санаасы менен болтурам я исполню всё, что он пожелает (напр. дам всё, что он просит);
санаасы санга бөлүндү его мысли разбрелись; его охватила тревога;
санаа тартпай недолго думая;
санаам бөлө алды болду я очень беспокоюсь;
сары санаа (или сарсанаа) сильное беспокойство, тревога;
сарсанаа тарт- тревожиться, беспокоиться;
бул эмне болду?-деп, сарсанаа тартты он очень встревожился, мол, что случилось?
санаага кал- проявлять беспокойство, думать с беспокойством (как бы чего плохого не вышло).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Ой, тилек, пикир. Коммунисттик партия адамзаттын эзелтен берки санаасын иш жүзүнө ашырды («Советтик Кыргызстан»). Жакшы адамдын санаасы Жамандыкка бурулбайт (Токтогул).
2. Капа, кайгы, убайым. Таза жүрөк каныңды Санаа, дартка жуудуңбу? (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ой, тилек, пикир. Жакшы адамдын санаасы, Жамандыкка бурулбайт (Токтогул). Санаа күлүк, изи жок, Сабылсам элдин иши жок (Казыбек). Санаасыз адам гана шамал кууган камгакча жеңил көрүнөт (Стамов). 2. Капа, кайгы, убайым. Таза жүрөк каныңды Санаа, дартка жуудуңбу? (Токтогул). Санаадан саргарбачы сезимдерим, Сыноого түшүп анча эзилбегин (Бегимкулова). Махабатты, маанайы пас күйүттү, Санаа торойт, шайырлыкка умтулам (Закирова).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Пикирдеш, сырдаш; ой-санаасы бирге, ой-тилеги бир. Санаалаш тандап жолго алгын: Эми сапарың болсун, аттангын! («Манас»). Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш, Кыргызстан ыр калаасы, ыракаттын бешиги (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Пикирдеш, сырдаш; ой-санаасы бирге, ой-тилеги бир. Санаалаш тандап жолго алгын: Эми сапарың болсун, аттангын! («Манас»). Санаалаш ойноп-күлгөнгө, Санаага түшөт көп пикир (Казыбек). Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш, Кыргызстан ыр калаасы, ыракаттын бешиги (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(неправ. саналуу)
печалящийся, проявляющий заботу;
санаалуу болгон атаң, мен, эч бир кабар укпадым фольк. я, твой печалящийся отец, не имею никаких вестей (от тебя);
жакшы санаалуу киши доброжелательный человек, доброжелатель;
өзүнө жакшы санаалуу деген кишилер люди, которых он считает своими доброжелателями.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эсептөө, бир нерсенин эсебин чыгаруу; сандарды көбөйүү жагын көздөй катары менен атоо. Мал сана. Акча сана. Онго чейин сана. Жүзгө чейин сана. Санап туруп малды алып, Салынуу сарай тамды алып (Казыбек).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ойлоо, ниет кылуу. Жетилсин деп жардыны Санабадың, бешкаман (Токтогул). Уйпалаган кедейди, Убалы бар деп санабай (Тоголок Молдо). Атаң өлсө, мени атаңдай санагын, Уул болгун, өз уулумдай, карагым! (Баласагын). Атуулуңду пешка сындуу санаган, Арыласың качан ушул адаттан? (Байгазиев). 2. Эстөө, эсине алып кусалануу, сагынуу. Жүрөгү сыздап токтонбой, Ошо Канышайды санаса («Курманбек»). Төрт балаңдай Шайымбет, Жалгызын санап дегдеди («Эр Табылды»). Жалдыратам көзүмдү Жатсам, турсам көп санап (Токтогул). 3. Эсептөө. Көркөм сөздү ок катары карайбыз, Күчтүү сөздү мыкты курал санайбыз (Турусбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
счёт, учёт;
санактан өткөр- считать, брать на учёт, учитывать;
санактан өткөрүл- быть подсчитываемым, учитываемым; подсчитываться, учитывяться, браться на учёт;
мал санактан өткөрүлдү скот взят на учёт;
санак башкармасы уст. статистическое управление.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от сана- II;
курулган имараттар ондоп саналат выстроенные здания насчитываются десятками;
саналган сааттар калды остались считанные часы;
болуп саналат считается кем-чем-л., принимается за кого-что-л.;
кара санал- появляться - о недобрых мыслях.

Киргизско-русский словарь Юдахина
саналуу I
и. д. от санал-;
андайлар азыр ондоп саналуучу болду теперь такие насчитываются десятками.
саналуу II
считанный (немногочисленный); то, что можно по пальцам перечесть;
мал төлдөтүү кампаниясынын башталарына саналуу гана күндөр калды до расплодной кампании скота остались считанные дни;
ошондон кийин саналуу гана күндөр өттү после того прошло немного дней;
күнү саналуу дни его сочтены.
саналуу III
см. санаалуу;
жакшы саналуу меймандар доброжелательные или приятные гости.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
digital certificate (noun)
A digital document that is commonly used for authentication and to help secure information on a network. A certificate binds a public key to an entity that holds the corresponding private key. Certificates are digitally signed by the certification authority that issues them, and they can be issued for a user, a computer, or a service.

Киргизско-русский словарь Юдахина
санат I
1. поучение, мудрое изречение;
2. лит. песня, состоящая из рифмованных афоризмов; поговорка переходящая в песню (термин этот, видимо, предшествовал термину заман, см. заман 2);
3. обычай, установление;
атадан калган санаты: найза сынса аш-тойдо, карматып колго жаңыртат стих. (у них) от предков оставшийся обычай: если на тризнах-пирах (при поединке) сломается копьё, дают новое;
4. пышность, роскошь, красота; слава, известность;
кан Көкөтөй ашынан артык кылам санатын фольк. я превзойду по пышности (даже) поминки по хану Кокетею;
карасаң, чокусуна көзүң жетпес, сайрасаң, санатына сөзүң жетпес стих. посмотришь - до вершины (гор) глаз не достаёт, воспеваешь - для красот слов не хватает;
санатка кетти даңкыбыз слава о нас далеко разнеслась;
үзүлгөн экен канатым, токтолгон экен санатым фольк. (как видно) оборвались мои крылья, померкла (букв. остановилась) моя слава;
5. расправа, наказание; недобрый замысел;
силер болбосоңор, бул акмакка бир санат бар эле если бы вас не было, то этому дураку было бы!;
кылбаган санатты кылдыңар вы учинили невиданную расправу;
сага кылбаган санатты кылайын (или көрсөтөйүн) я тебя так проучу, что ты долго будешь помнить;
сен бир санатты кылганы турасың ты собираешься устроить какую-то пакость.
санат II
1. счёт; число;
мал санаттан өтөт скот будет подсчитан, взят на учёт;
санаттан өткөр- подсчитывать, брать на учёт;
санат жеткис или санаты сандан өтүптүр несметное количество;
санатка кош- (о человеке) считать заслуживяющим уважения, принимать в число достойных;
Саадат аны тууган санатына кошпой келген Саадат его не считал родичем; Саадат не считался с ним, как с родичем;
2. грам. уст. числительное.
санат- III
понуд. от сана- II;
нактай санатып ал- получить наличными;
көңүлүм көптү санатат сердце моё неспокойно (не случилось ли чего-нибудь плохого).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Үлгү болорлук, сабак болорлук насыят сөз. Улуу адамдардын санат сөздөрү. Жыйындын ортосунда мени баалап, Ыр менен нечен түркүн айтты санат(Барпы).
2. ад. Рифмаланган бир нече афоризмден турган үлгү, насыят маанисинде айтылган ыр.
3. Шаани, шаан-шөкөт. Кан Көкөтөй ашынан Артык кылам санатын («Манас»).
4. Жаза, бирөөгө көрсөтөр кордук. Кылбаган санатты кылдыңар. Сага көрсөтөр санат башка эле, тарткылыгың жок экен («Чалкан»).
САНАТ II зат. Эсеп, бир, нерсенин жалпы саны; санак. Айылынын санаты Алты миң түтүн жаны бар («Эр Төштүк»). Аманы канча калды деп, Санатын менден сурадың (Токтогул). Малды санаттан өткөрүү.
САНАТ III сана этишинин аркылуу мамилеси.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: кара санатай см. карасанатай;
Аксанатай жана Карасанатай сказочные персонажи (соответствующие русским "Правде" и "Кривде");
Аксанатай менен Карасанатай жолдош болуп жолоочу жүрүштү Аксанатай и Карасанатай вместе путешествовали.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үлгү болорлук, сабак болорлук насыят сөз. Улуу адамдардын санат сөздөрү. Жыйындын ортосунда мени баалап, Ыр менен нечен түркүн айтты санат (Барпы). 2. адаб. Уйкашкан бир нече учкул сөздөн турган үлгү, насыят маанисинде айтылган ыр. Айталбаган сөз үчүн оозуңду бекер ачпагын. Мактанганга март болуп, Оокатыңды чачпагын (Токтогул). 3. Шаани, шаан-шөкөт. Кан Көкөтөй ашынан Артык кылам санатын («Манас»). 4. Жаза, бирөөгө көрсөтөр кордук. Кылбаган санатты кылдыңар. Сага көрсөтөр санат башка эле, тарткылыгың жок экен («Чалкан»).

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Сан атооч - заттардын, буюмдардын, кубулуштардын санын, эсебин, иретин, катарын билдирген сөздөр.
Сан атоочтор канча? нече? канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берет. 
Кыргыз тилинде сан атоочтор маанисине карай алты топко болүнөт: эсептик сан, иреттик сан, жамдама сан, топ сан, чамалама сан, бөлчөк сан. Мындан караМорфология современного кыргызского языка. Учебник для студентов заочников

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНАТОРИЙ-КУРОРТТУК УЮМДАР – мамлекеттик, муниципалдык, жеке ж. б. менчикте туруп, денсоолук чыңдоо чөлкөмүндө жайгашуу менен, дарылоо жана саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүчү санаторийлер, алдынала дарылоо жайлары, пансионаттар, эсалуу үйлөрү менен базалар, туристтик базалар, спорт лагерлери, балдар лагери ж. б. уюмдар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНАТОРИЙ-КУРОРТТУК УЮМДАР – мамлекеттик, муниципалдык, жеке ж. б. менчикте туруп, денсоолук чыңдоо чөлкөмүндө жайгашуу менен, дарылоо жана саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүчү санаторийлер, алдынала дарылоо жайлары, пансионаттар, эсалуу үйлөрү менен базалар, туристтик базалар, спорт лагерлери, балдар лагери ж. б. уюмдар.

Киргизско-русский словарь Юдахина
считать, подсчитывать; перечислять;
санаттап айта берсе, чыгым кедейдин төбөсүндө чачынчалык стих. если перечислять (бывшие) поборы, они бесчисленны, (их) столько, сколько волос на голове бедняка.

Киргизско-русский словарь Юдахина
считанный; ровно столько;
санатылуу алты ай ровно шесть месяцев;
санатылуу бир-бирден сайган эриң жүз болсун фольк. чтобы побеждённых тобою богатырей, считая по одному, было ровно сто.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (оздоровление) санация, санация кылуу, санациялоо (саламаттандыруу);
2. эк. санация, санация кылуу, санациялоо (банктарды жана ири ишканаларды банкротстводон, сынуудан, кыйроодон аман сактап калуу үчүн капиталисттик өлкөлөрдө жүргүзүлүүчү чаралар системасы).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНАЦИЯ (ЖАНДАНДЫРУУ ) (лат. sanatio – дарылоо) – уюмдарды банкроттон куткаруу жана анын атаандашчылдыгын арттыруудагы каржылык ж. б. экономикалык жактан калыбына келтирүү боюнча ишчаралар тутуму.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
экон. Мамлекет же башка менчик ээлери тарабынан – ишканалардын финансылык абалын жакшыртуу боюнча, банктарды банкротко учуратпоонун алдын алуу же атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүүчү иш-чаралардын системасы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНАЦИЯ (ЖАНДАНДЫРУУ ) (лат. sanatio – дарылоо) – уюмдарды банкроттон куткаруу жана анын атаандашчылдыгын арттыруудагы каржылык ж. б. экономикалык жактан калыбына келтирүү боюнча ишчаралар тутуму.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от сана- II
1. совместно считать; считаться, производить взаимные расчёты;
күн санашып көбөй- увеличиваться с каждым днём;
2. вместе с кем-л. думать; думать об одном и том же;
жакын санашкан сөөк-тамырлары его доброжелательные родичи.

Киргизско-русский словарь Юдахина
санда I
парное к анда I;
анда-санда кое-где; иногда; от времени до времени (редко).
санда- II
анда-сандап кое-где, изредка;
булар бизде жолугушат, анда-сандап стих. эти встречаются у вас изредка.
санда- III
1. быть во множестве;
сандаган или көп сандаган многочисленный; множество;
2. разделяться на отдельные части, разъединяться;
сандап кетпегиле- вы не разъединяйтесъ;
эчки тон сандап бөлүнгөн козья шуба расползлась.

Киргизско-русский словарь Юдахина
сандал I
ир. южн.
сандал (очаг-грелка: низкий столик над углублением в полу, в которое кладутся горячие древесные угли; столик накрывается одеялом, под которое просовываются ноги или ноги и руки).
сандал II
р.
сандалии.
сандал III
талас.
1. плетёные носилки;
2. южн. сиденье (предмет, предназначенный для сидения).
сандал- IV
1. бродить, бесцельно бродить;
сандалып эле көчөдө жүрөт он бесцельно бродит по улицам;
2. растеряться, быть озабоченным;
Бегиштин тартып күйүтүн, Сурмаш апаң сандалды фольк. горюя по Бегишу, старшая сестра твоя Сурмаш (т.е. я) озабочена.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Ичине чок салып, үстүнө жууркан менен кымтылай жабылган жапыз стол коюп, анын астына бутту салып, тегерете жылынып отура турган бөлмө ичиндеги очок.
САНДАЛ II зат. Көбүнчө такасыз тигилген жеңил, жайкы бут кийим.
САНДАЛ III зат. диал. Замбил.
САНДАЛ IV этиш. Тентирөө, курулай убара тартуу. Сандалып бекер жүрүү. Жөө бастым сандалып, Ат жетпеген жолуна (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
эск. Үйдүн (боз үйдүн) ичин жылытуу жана жылынуу үчүн жасалган очок. Бай ушундай деп айтты да, бутун ичкерилетип, сандалга өбөктөдү. Жасанжан сандал үстүнө тасторконду жайып, колго суу берди (Абдукаримов). Атам, апамдар менен ал сандалда отурганым кыш эле да ага деп атайылап чай кайнатканым... (Мавлянов). Капшыт жакка сандал салып коюптур, Оору-соону ылгамакпы кыш айы (Байзаков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от сандал- IV;
күпүгө эртең жооп алып беремин - деп, эки айдан бери сандалтты он меня два месяца водил за нос, ежедневно обещая получить завтра (для меня) ответ;
калган журтун сандалтып, отунчу кылып койбосом фольк. не я буду, если не сделаю остальной его народ сборщиком топлива, заставив (его) бродить.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от санда- II;
сандатып түрдүү жылкыны, айдабай турган жер бекен? фольк. разве это место не подходит для того, чтобы прогонять несметное количество коней?
сандатып мөрүн айдаган фольк. он гнал несметное количество коней.

Киргизско-русский словарь Юдахина
уместный, дельный; добропорядочный;
санаасы бузук Чачыкей, сандуу жерге жүрбөду фольк. зловредная Чачыкей на добропорядочные дела не шла;
сандуу кеп уместное, дельное слово;
сандуу жигит степенный и честный парень.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
сундук;
кол сандык маленький сундучок;
көңүл - сөздүн сандыгы погов. сердце - сокровищница (букв. сундук) слова;
ай талаада ак сандык жаркырайт загадка в широкой степи белый сундук сверкает (отгадка күзгү зеркало).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кийим-кече, буюм салууга ылайыкталып, көбүнчө кооздолуп жасалган, кулпуланып бекитме үкөк, ящик. [Динар] орундукту таштап, төрдөгү килемче жабылган чоң сандыкка чалкалап олтурду (Сыдыкбеков). Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кийим-кече, буюм салууга ылайыкталып, көбүнчө кооздолуп жасалган, кулпуланып бекитме үкөк. Динар орундукту таштап, төрдөгү килемче жабылган чоң сандыкка чалкалап олтурду (Сыдыкбеков). Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар (макал).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНДЫК АКЧАЛАР – айлануусу купуялыкты кепилдеген электрондук түрдө берилген жана жүгүртүлгөн төлөм каражаттары. Накалай купюраларга окшоштурганда С. а. электрондук документтер катары номиналдык бааны, эмитентке көрсөтүүчү жеке белгилерди (серия, номур ж. б.) жана жасалма чыгаруудан коргоо элементтерин (аларды эмитенттин сандык кол коюусун) камтыйт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Алы, күчү кетип, жыгылчудай болуп темтеңдеп басуу. Сандырактап баса албай калуу. Шайым ооп, сандырактап карыш жерге баса албадым («Ала-Тоо»). Бүркөлүп Мүзүретбек сандырактап, Отурду чатырчадан алыс-оолак (Абдыраманов).
2. Дайынсыз, баш-аягы жок сүйлөй берүү, келжирөө, тантыроо. Оозуна келгенин сандырактай берет. Сандырактабай отур.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алы, күчү кетип, жыгылчудай болуп темтеңдеп басуу. Сандырактап баса албай калуу. Шайым ооп, сандырактап карыш жерге баса албадым («Ала-Тоо»). Бүркөлүп Мүзүретбек сандырактап, Отурду чатырчадан алыс-оолак (Абдыраманов). 2. Дайынсыз, баш-аягы жок сүйлөй берүү, келжирөө, тантыроо. Оозуна келгенин сандырактай берет. Сандырактабай отур.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Келишимдүү, келишкен, кооз, салтанаттуу, сүрдүү. 2. өт. Белгилүү, даңктуу, атактуу, даражалуу, кээде баатыр маанисинде да айтыла берет. Сандыргалуу Манастын, Баргөйүнө барганы («Манас» С. О.). Салмагың оор зар, Сандыргалуу жан элең (Казыбек).

Киргизско-русский словарь Юдахина
порядок, распорядок, расположение в строгом порядке;
өткөндөн аңгемелейт кээде баштап, сөз кени оргуй берет санжап-санжап стих. иногда начинает он рассказывать о былом, слова так и льются (букв. бьют ключом в стройном порядке);
санжап менен в стройном порядке (напр. что-л. расставить, расположить), гармонично;
Ала-Тоонун убагы төрт мезгилге бөлүнөт, санжап менен жазылып, ирет менен келинет стих. время в (горах) Ала-Тоо делится на четыре сезона, расписано в строгом порядке и поочерёдно наступает;
санжап кылып күтүнүп тщательно подготовившись;
санжап менен сайышып фольк. с ловкостью сражаясь на пиках.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кооздук, сайма, чачы, жээк. 2. Тартип, ирет, бир нерсенин орун алып туруунун тартиби. Өткөндөн аңгемелейт кээде баштап, сөз кени оргуй берет санжеп-санжап. 3. Ирет, кынап, кастар. Сарайды санжап кылдырып, Санаасын кашкөй тындырып («Манас»). Ала-Тоонун убагы, Төрт мезгилге бөлүнөт. Санжап менен жазылып, Ирет менен келинет (Эл ырлары).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Арабча шажра сөзү «дарак» маанисин берет (АРС, 493). Ал «элдердин, уруулардын дарак сыяктанып бутактап бөлүнүшү жөнүндөгү маалыматтар» деген маани да берет. Мына ушул мааниси кыргыз тилине кабыл алынган. Шажра сөзүнүн тыбыштык түзүлүшү кыргыз тилинин түштүк диалектисинде бир аз өзгөрүлтүп, ш тыбышы ч тыбышына алмаштырылган. Ошондуктан Таластан ары жашаган жактагылар чажыра дешет. Түштүк диалектиде ш тыбышы с тыбышына алмашып, ша бөлүгүнөн кийин н тыбышы кошулган: шажра>санжыра. Мындай болуп сөз ортосунда н тыбышынын кошулуп кетиши араб тилинен кабыл алынган ылаажы > ылаанжы деген сөздө да кезигет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. украшенный;
санжыргалуу көч богатая перекочёвка (в которой вьючные животные, гл. обр. верблюды, разукрашены);
2. (о ловчей птице) с путлищами;
3. могущий служить примером для других, авторитетный;
санжыргалуу кан известный хан;
санжыргалуу жомок поучительная и широко известная сказка.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Санжыргасы бар, кооздолгон. Санжыргалуу көч. Санжыргалуу унаа. 2. Бутуна санжырга боо тагылган (кыраан куш жөнүндө). 3. Мансаптуу, беделдүү, кадыр-барктуу. Санжыргалуу Канчоро («Сейтек»). Санжыргалуу селкилер (Маликов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНИТАРДЫК ЖУГУШТУУ ООРУЛАРГА КАРШЫ (АЛДЫНАЛУУ) ИШЧАРА – айлана-чөйрө акыбалынын адамга тийгизген терс таасирин жоюуга же азайтууга, жугуштуу оорулар менен жугуштуу эмес жалпы дартка чалдыгуунун (уулануу) келип чыгуусуна жана анын таркап кетүүсүнө бөгөт коюуга багытталган уюштуруучулук, административдик, инженердик-техникалык, медициналык-санитардык, ветеринардык ж. б. чаралар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНИТАРДЫК КОРГОО ТИЛКЕСИ – КР экологиялык мыйзамдары боюнча, жерге жакын аба катмарында бузуучу заттар кошундусунун талап кылынган ченемин камсыз кылууга, ишканалардын, унаа каражаттарынын, электр өткөргүчтөрүнүн ошол тегеректе жашаган калкка тийгизген терс таасирин азайтууга, шуулдак, дирилдөөнүн жогорку деңгээли, инфраүн, электромагниттик толкун, статисттик электр кубаты сыяктуу нерселердин физикалык таасирин төмөндөтүүгө арналган аймак. С. к. т-нде адамдардын туруктуу жана убактылуу жашоосуна тыюу салынат, чарбачылык иштерине чектөө тартиби киргизилет, радиациялык көзөмөл жүргүзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНИТАРДЫК ЧӨЛКӨМ (тоо-санитардык коргоо чөлкөм) – КР мыйзамдарына ылайык, чарба жүргүзүүдө, жашап турууда, жаратылышты пайдаланууда табигаттын дарылык касиеттерин коргоону жана сактоону жана аларга жакын жайгашкан саламаттыкты чыңдоочу жерлерди булгануудан жана эрте коромжу болуудан сактоону камсыз кылуучу режим орнотулган өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагы. Табигый дарылык касиеттери (арашан суулар, дарылоочу ылайлар ж. б.) жаратылыш байлыгына кирген саламаттыкты чыңдоочу жерлер жана курорттор үчүн тоо-санитардык тикелери белгиленет. Калган жагдайларда санитардык коргоо чөлкөмдөрү белгиленет. Саламаттыкты чыңдоочу жердин, курорттун, курорттук аймактын чегаралары санитардык коргоо анын сырткы чеги болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КОРУТУНДУ – жашоо чөйрөсүнүн, чарбачылык ж. б. иш-аракеттердин, өндүрүмдөрдүн, жумуштун, тейлөө кызматынын, ошондой эле укуктук ченемдик акты долбоорлорунун, курулуш долбоорлорунун, пайдалануу жолжоболорунун таасир этүүсү боюнча санитардык эрежелерине ылайык келе тургандыгын (келбей тургандыгын) күбөлөндүрүүчү документ.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНИТАРДЫК ЭРЕЖЕ – айлана-чөйрө таасиринин адам үчүн коопсуздук жана/же зыянсыздык чен-өлчөмүн белгилей турган ченемдик акты. Баардык мамлекеттик органдар, өзүнүн баш ийүү жана менчик түрүнө карабастан юридикалык жактар, кызмат адамдары, жарандар С. э-ни сактоого милдеттүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУРАКЖАЙ АЯНТЫНЫН САНИТАРДЫК ЧЕНЕМИ – жан башына туура келүүчү жана анын жайлуу жашоо-турмушу үчүн зарыл болгон туракжай аянтынын эң төмөнкү өлчөмү. Ал саламаттык сактоо органдары тарабынан аныкталып, аткаруу бийлик органдары тарабынан бекитилет. Жалпысынан алганда, жарандарга берилүүчү туракжай аянтына теңдештирилет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНИТАРДЫК КОРГОО ТИЛКЕСИ – КР экологиялык мыйзамдары боюнча, жерге жакын аба катмарында бузуучу заттар кошундусунун талап кылынган ченемин камсыз кылууга, ишканалардын, унаа каражаттарынын, электр өткөргүчтөрүнүн ошол тегеректе жашаган калкка тийгизген терс таасирин азайтууга, шуулдак, дирилдөөнүн жогорку деңгээли, инфраүн, электромагниттик толкун, статисттик электр кубаты сыяктуу нерселердин физикалык таасирин төмөндөтүүгө арналган аймак. С. к. т-нде адамдардын туруктуу жана убактылуу жашоосуна тыюу салынат, чарбачылык иштерине чектөө тартиби киргизилет, радиациялык көзөмөл жүргүзүлөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНИТАРДЫК ЖУГУШТУУ ООРУЛАРГА КАРШЫ (АЛДЫНАЛУУ) ИШЧАРА – айлана-чөйрө акыбалынын адамга тийгизген терс таасирин жоюуга же азайтууга, жугуштуу оорулар менен жугуштуу эмес жалпы дартка чалдыгуунун (уулануу) келип чыгуусуна жана анын таркап кетүүсүнө бөгөт коюуга багытталган уюштуруучулук, административдик, инженердик-техникалык, медициналык-санитардык, ветеринардык ж. б. чаралар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЛКТЫН САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК БАЙЫМДУУЛУГУ – айлана-чөйрө адам баласына терс таасирин тийгизбей турган, жана да анын турмуш-тиричилигине жагымдуулугун камсыз кыла турган калк саламаттыгынын жана адам жашаган чөйрөнүн абалы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КОРУТУНДУ – жашоо чөйрөсүнүн, чарбачылык ж. б. иш-аракеттердин, өндүрүмдөрдүн, жумуштун, тейлөө кызматынын, ошондой эле укуктук ченемдик акты долбоорлорунун, курулуш долбоорлорунун, пайдалануу жолжоболорунун таасир этүүсү боюнча санитардык эрежелерине ылайык келе тургандыгын (келбей тургандыгын) күбөлөндүрүүчү документ.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНИТАРДЫК ЭРЕЖЕ – айлана-чөйрө таасиринин адам үчүн коопсуздук жана/же зыянсыздык чен-өлчөмүн белгилей турган ченемдик акты. Баардык мамлекеттик органдар, өзүнүн баш ийүү жана менчик түрүнө карабастан юридикалык жактар, кызмат адамдары, жарандар С. э-ни сактоого милдеттүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Буттун жамбаштан тизеге чейинки бөлүгү. Буттарың буура санындай, Мурдагы жаштык барында, Булкушар балбан табылбай (Токтогул). Адылдын бели көтөрүлбөй, эки жоон сандын териси тыз-тыз ооруду (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эсеп ишин жүргүзүүгө, бир нерсенин эсебин, канча экенин көрсөтүүгө колдонулган түшүнүк. Бүтүн сан. Так сан. Жуп сан. Бөлчөктүк сан. 2. Газета, журналдын улам чыгып турган белгилүү кезеги, номерлери. 3. грам. Көптүктү же жекеликти билдирүүчү морфологиялык каражаттар менен берилген грамматикалык категория. Жекелик сан. Көптүк сан. 4. Өтө көп, эсеп жеткис. Алдына сан жылкыны айдаган кең далы, узун бойлуу жылкычы («Жаш ленинчи»). Сан гүлдөн башы адашты (Сыдыкбеков). Жалгызы санга тийгендей («Манас» С. О.). 5. өт. Адам катары, барктуулук эсеби. Санда жок бечера. Кейитермин жаныңды, кетирермин саныңды (фольк.).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНКЦИЯ (лат. sanction – катуу токтом) – адатта, акыркы мүнөздөгү чара, чечим. Анын төрт негизги мааниси бар: а) укук тартибин бузгандарга карата колдонулуучу жана ага белгилүү бир жагымсыз кесепетин тийгизе турган чара. Чара мүнөзүнө жана аны колдонгон органдарга жараша, кылмыш-жаза-укуктук, административдик-укуктук, тартипке чакыруу-укуктук, мүлктүк болуп бөлүнөт. Кылмыш-жаза-укуктук С. (эркинен ажыратуу, жазапул салуу ж. б. у. с.) сот тарабынан гана колдонулат; административдик-укуктук С. (административдик жазапул, административдик камак) – милиция, полиция тарабынан; тартипке чакыруу-укуктук С. (кызмат ордунан төмөндөтүү, бошотуу) – кызмат адамдары, администрация тарабынан; мүлктүк С. (м.: жабырлануучуга зыян ордун толтуруп берүү, анын пайдасына мүлктү чектеп берүү, бүтүмдү негизсиз деп таануу) өзалдынча чара же башкалар менен айкалыштырылган чара катары сот тарбынан гана дайындалат; б) ал ченемди бузуучуга таасир этүү чарасы экендигин көрсөткөн жалпы ченемдердин түзүмдүк бөлүгү; в) кылмыш жасагандыгынан шек саналган жакка карата мажбурлоо чарасын колдонууга (камакка алууга, тинтүүгө ж. б.) улуксат берүүчү прокурордун токтому; г) эларалык укуктагы бул ченемдер менен эларалык милдеттенмелерин бузган мамлекетке таасир көрсөтүү чарасы (кара:Эларалык санкция).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК САНКЦИЯ – эларалык укук доктринасында жана иш-тажырыйбасында: а) бузуучу-мамлекет үчүн жамгымсыз кесепет экендигин көрсөткөн эларалык укук ченеминин түзүмдүк бөлүкчөсү; б) эларалык уюмдар, баарыдан мурда БУУ тарабынан колдонула турган мажбурлоо чарасы; в) эларалык кылмыштын залакасы катары эларалык-укуктук жоопкерчиликтин өзгөчө саясий таризи; г) эларалык укук бузууга жооп болуп саналган жекече жана жамаатташ мажбурлоо чаралары; д) эларалык укук бузуу жоопкерчилигинен качкан мамлекетке каршы колдонулуучу мажбурлоо чаралары. Жамаатташ чаралар да ушундай эле мүнөз күтөт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. юр. санкция, санкциялоо;
санкция договора договорду санкция кылуу;
2. перен. (одобрение) санкция, санкциялоо (макул болуу, макул табуу, жактыруу);
3. санкции мн. полит. санкциялар (эл аралык укукта: договорлорду бузгандарга колдонулуучу жазалоо чараларынын системасы);
экономические санкции экономикалык санкциялар;
военные санкции согуштук санкциялар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САНКЦИЯ (лат. sanction – катуу токтом) – адатта, акыркы мүнөздөгү чара, чечим. Анын төрт негизги мааниси бар: а) укук тартибин бузгандарга карата колдонулуучу жана ага белгилүү бир жагымсыз кесепетин тийгизе турган чара. Чара мүнөзүнө жана аны колдонгон органдарга жараша, кылмыш-жаза-укуктук, административдик-укуктук, тартипке чакыруу-укуктук, мүлктүк болуп бөлүнөт. Кылмыш-жаза-укуктук С. (эркинен ажыратуу, жазапул салуу ж. б. у. с.) сот тарабынан гана колдонулат; административдик-укуктук С. (административдик жазапул, административдик камак) – милиция, полиция тарабынан; тартипке чакыруу-укуктук С. (кызмат ордунан төмөндөтүү, бошотуу) – кызмат адамдары, администрация тарабынан; мүлктүк С. (м.: жабырлануучуга зыян ордун толтуруп берүү, анын пайдасына мүлктү чектеп берүү, бүтүмдү негизсиз деп таануу) өзалдынча чара же башкалар менен айкалыштырылган чара катары сот тарбынан гана дайындалат; б) ал ченемди бузуучуга таасир этүү чарасы экендигин көрсөткөн жалпы ченемдердин түзүмдүк бөлүгү; в) кылмыш жасагандыгынан шек саналган жакка карата мажбурлоо чарасын колдонууга (камакка алууга, тинтүүгө ж. б.) улуксат берүүчү прокурордун токтому; г) эларалык укуктагы бул ченемдер менен эларалык милдеттенмелерин бузган мамлекетке таасир көрсөтүү чарасы (кара:Эларалык санкция).

Киргизско-русский словарь Юдахина
быть во множестве, в бесчисленном количестве;
сансыган бесчисленное множество, несметное количество;
сансыган бай богач, богатства которого несметны;
сансыган кой несметное количество овец.