Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Арабча шажра сөзү «дарак» маанисин берет (АРС, 493). Ал «элдердин, уруулардын дарак сыяктанып бутактап бөлүнүшү жөнүндөгү маалыматтар» деген маани да берет. Мына ушул мааниси кыргыз тилине кабыл алынган. Шажра сөзүнүн тыбыштык түзүлүшү кыргыз тилинин түштүк диалектисинде бир аз өзгөрүлтүп, ш тыбышы ч тыбышына алмаштырылган. Ошондуктан Таластан ары жашаган жактагылар чажыра дешет. Түштүк диалектиде ш тыбышы с тыбышына алмашып, ша бөлүгүнөн кийин н тыбышы кошулган: шажра>санжыра. Мындай болуп сөз ортосунда н тыбышынын кошулуп кетиши араб тилинен кабыл алынган ылаажы > ылаанжы деген сөздө да кезигет.