САНЖАП
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кооздук, сайма, чачы, жээк. 2. Тартип, ирет, бир нерсенин орун алып туруунун тартиби. Өткөндөн аңгемелейт кээде баштап, сөз кени оргуй берет санжеп-санжап. 3. Ирет, кынап, кастар. Сарайды санжап кылдырып, Санаасын кашкөй тындырып («Манас»). Ала-Тоонун убагы, Төрт мезгилге бөлүнөт. Санжап менен жазылып, Ирет менен келинет (Эл ырлары).