Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ой, тилек, пикир. Жакшы адамдын санаасы, Жамандыкка бурулбайт (Токтогул). Санаа күлүк, изи жок, Сабылсам элдин иши жок (Казыбек). Санаасыз адам гана шамал кууган камгакча жеңил көрүнөт (Стамов). 2. Капа, кайгы, убайым. Таза жүрөк каныңды Санаа, дартка жуудуңбу? (Токтогул). Санаадан саргарбачы сезимдерим, Сыноого түшүп анча эзилбегин (Бегимкулова). Махабатты, маанайы пас күйүттү, Санаа торойт, шайырлыкка умтулам (Закирова).