Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Үлгү болорлук, сабак болорлук насыят сөз. Улуу адамдардын санат сөздөрү. Жыйындын ортосунда мени баалап, Ыр менен нечен түркүн айтты санат(Барпы).
2. ад. Рифмаланган бир нече афоризмден турган үлгү, насыят маанисинде айтылган ыр.
3. Шаани, шаан-шөкөт. Кан Көкөтөй ашынан Артык кылам санатын («Манас»).
4. Жаза, бирөөгө көрсөтөр кордук. Кылбаган санатты кылдыңар. Сага көрсөтөр санат башка эле, тарткылыгың жок экен («Чалкан»).
САНАТ II зат. Эсеп, бир, нерсенин жалпы саны; санак. Айылынын санаты Алты миң түтүн жаны бар («Эр Төштүк»). Аманы канча калды деп, Санатын менден сурадың (Токтогул). Малды санаттан өткөрүү.
САНАТ III сана этишинин аркылуу мамилеси.