Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алы, күчү кетип, жыгылчудай болуп темтеңдеп басуу. Сандырактап баса албай калуу. Шайым ооп, сандырактап карыш жерге баса албадым («Ала-Тоо»). Бүркөлүп Мүзүретбек сандырактап, Отурду чатырчадан алыс-оолак (Абдыраманов). 2. Дайынсыз, баш-аягы жок сүйлөй берүү, келжирөө, тантыроо. Оозуна келгенин сандырактай берет. Сандырактабай отур.