САНААЛАШ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Пикирдеш, сырдаш; ой-санаасы бирге, ой-тилеги бир. Санаалаш тандап жолго алгын: Эми сапарың болсун, аттангын! («Манас»). Санаалаш ойноп-күлгөнгө, Санаага түшөт көп пикир (Казыбек). Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш, Кыргызстан ыр калаасы, ыракаттын бешиги (Осмонов).