Толковый словарь кыргызского языка. 2015
эск. Үйдүн (боз үйдүн) ичин жылытуу жана жылынуу үчүн жасалган очок. Бай ушундай деп айтты да, бутун ичкерилетип, сандалга өбөктөдү. Жасанжан сандал үстүнө тасторконду жайып, колго суу берди (Абдукаримов). Атам, апамдар менен ал сандалда отурганым кыш эле да ага деп атайылап чай кайнатканым... (Мавлянов). Капшыт жакка сандал салып коюптур, Оору-соону ылгамакпы кыш айы (Байзаков).