ир. 1. душно; душный;
үйдүн ичи капа экен - в комнате душно; 2. печаль, тоска; печальный, огорчённый;
капа ач - или капа жаз - развлечься, разогнать тоску;
капасы ачылды -- он повеселел, он перестал горевать;
атанын жөнүн айтпасаң, ачылсын кантип капабыз? фольк. -- если ты не скажешь, что с отцом, то как же мы перестанем горевать?
капасы жок, көңүлү шат -- огорчений у него нет, он весел;
капа чек - тужить, горевать, печалиться;
капа бол -- быть огорчённым, печальным;
капа болбо -- не горюй, не печалься.
Iзат. Кайгы, убайым. Кайгы менен капа жок, Дуулап жаткан биздин эл (Калык). Капамды жазып каткырып, Күлгөнүңдү сагындым (Бөкөнбаев).
КАПАIIзат. Үп, ысык. Үйдүн ичи капа экен.
Кандайдыр бир себепке байланыштуу көңүлү ачылбоо, убайым тартуу, кейүү сезими, кайгы. Каймана сөздү айтпаңар, Капа болуп кайтпаңар (Калмырза). Каныбек жөнүндө эч капа болбоңуз, бир күнү келип калат (Жантөшев). Жамийла Даниярдын таарынчысын жазып, капасын ачмак (Айтматов).
Ачуулануу, капалануу, каардануу, бир нерсеге теригүү. Капааттанып үшкүрүгү таш жарат (Сасыкбаев). Башкарма кандайдыр бир жумуш көңүлүнө жакпай калып, аны бүтүргөн адамга ачуусу менен капааттанганда, так ушул мүнөздө сүйлөр эле (Таштемиров).
ир. печальный, горестный, огорчённый; кападар болгон бул башка кадыр тиер түн бар го фольк. придёт ведь счастье этой (моей) горестной головушке; кападар болуп күн-түнү кайгырбай жүргүн, ардагым стих. . не печалься день и ночь, не горюй, мой милый; кападар болду санаабыз, артык мүшкүл салды го, амчегиң берген балаңыз фольк. мысли наши печальны, большую муку причинил ваш сын, которого вы вскормили своей грудью.
КАПАЛ — топоним. Эпосто «Аккан Иле суусу бар. Ар жагы Капал тоосу бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 264) делип Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылган аттар өткөн тоо. Географиялык реалияда Казакстандын Талды-Коргон облусундагы тоо жана андагы өрөөн.
капала- II 1. вызывать духоту; 2. огорчать, печалить; чоң дайраны жакалап, чымындай жанды капалап фольк. двигаясь вдоль большой реки и огорчая бедную душу.
Капа болуу, кайгыруу, бир нерсеге теригип, маанайы пас болуу, таарынып калуу. Капаланбаңыз, баары жайында («Ала-Тоо»). Кайгырып капаланба, сезимдерим, Карайлап жүдөп турган кезим менин (Бегимкулова).
Кайгы-капасы бар, убайымдуу. Кызы өлгөндөн кийин Санька абдан капалуу болуп, сүйлөшпөй калды (Абдукаримов). Чоң-Бүлөөлүдө болгон окуядан бери Каныбек абдан капалуу (Жантөшев). Алар үйдө жокто менден капалуу, менден ызалуу ким бар (Сыдыкбеков).
зат. Капа болгондук, капалуулук, кайгы. Капалык менен иши жок, Кабагы жарык күлгөндөй (Тоголок Молдо). Капалык жок боюнда, Калыстык дайым оюнда (Тоголок Молдо).
Кайгыга баткандык, убайымдуулук, капа болгондук. Эне Жылдызканды карап, анын түрүн байкады. Эч кандай капалыктын шегин сезген жок (Байтемиров). Капалыкка алдырбай, Кайрат айтат өзүнө («Эр Төштүк»). Башымдан акыл кеткен бейм, Капалыктан чачылып («Эр Табылды»).
забота, внимание; капарымда жок мне невдомёк; я и не думал, я и не предполагал; мне и в голову не приходило; түк капар кылбайт он ни о чём не думает, не заботится; он не обращает внимания; эчтемеден капары жок уктап жатат он безмятежно спит; эч нерсени капарга албай келе жаткан он шёл (ехал), не думая ни о чём (не зная заботы, не подозревая опасности и т.п.); капарына албады а ему хоть бы что; а он себе и в ус не дует; дүнүйө капар далёкий от жизни, беспечный.
Ой, көңүл, назар. Эч нерседен капары жоктой болуп Күлүкан турат (Ашубаев). Дилде кимдин капарына келип койгон секелек эле (Касымбеков). Жамат жаман тонун баса жамынып эчтемеден капары жок уктап жатат (Элебаев).
Бейгам, бейкапар, эчтеме менен иши жок, түйшүксүз. Эч нерседен капарсыз Гүлайым шар жооп берди (Бейшеналиев). – Баталашкан куда элек,– деди Казак капарсыз отурган Адыкеге (Сыдыкбеков). Эчтекеден капарсыз жаткан кезимде ушул шумдук кабарды угуп калып, тынчым кете баштаганын үйдөгүлөр сезип калышты (Абдукаримов).
Тоготпоо, маани бербөө, анчалык көңүл бурбоо. Аны эч ким капарына албады (Бейшеналиев). Курмановдун азыркы тийишкенин анчалык капарына албагандай (Бейшеналиев).
Тоготпоо, маани бербөө, анчалык көңүл бурбоо. Аны эч ким капарына албады (Бейшеналиев). Курмановдун азыркы тийишкенин анчалык капарына албагандай (Бейшеналиев). В.: Капарына келбөө. Көйнөк, дамбалым шүүдүрүмгө чыланып, асты жагыман сыз өтүп жатканы да капарыма келген жок (Жигитов).
1. Колго багылуучу канаттууларды же жапайы айбандарды камап коюучу тор. Капас шыпта илинүү («Ала-Тоо»). Капасты ачып, ичиндеги кушту чыгарып жиберди («Жомоктор»). Капаска конуп алган соң, бөдөнө сайрап берет (Сыдыкбеков). 2. өт. Эрксиздик, камалуучу жай, түрмө. Батийна узап бараткан келиндей сезбей, өзүн капаска бараткан эрксиз туткундай баамдаган (Сыдыкбеков). Капаста антип жүрсөм да, Тилегим жалгыз баламда (Токтогул). Калың элди көрсөтпөй, Капаска койду бактырып (Казыбек).