Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колго багылуучу канаттууларды же жапайы айбандарды камап коюучу тор. Капас шыпта илинүү («Ала-Тоо»). Капасты ачып, ичиндеги кушту чыгарып жиберди («Жомоктор»). Капаска конуп алган соң, бөдөнө сайрап берет (Сыдыкбеков). 2. өт. Эрксиздик, камалуучу жай, түрмө. Батийна узап бараткан келиндей сезбей, өзүн капаска бараткан эрксиз туткундай баамдаган (Сыдыкбеков). Капаста антип жүрсөм да, Тилегим жалгыз баламда (Токтогул). Калың элди көрсөтпөй, Капаска койду бактырып (Казыбек).