зат. 1. Колго багылган куштарды камап коюучу тор, клетка. Капаска көнүп алган соң [бөдөнө] сайрап берет (Сыдыкбеков).
2. өт. Камак жай, түрмө. Капаста жүргөн Токоңо Кайгынын оту жагылган (Токтогул). Кубантып капастагы туткундарды, Куткарып алып чыктың кайгы зардан (Нуркамал).
1. Колго багылуучу канаттууларды же жапайы айбандарды камап коюучу тор. Капас шыпта илинүү («Ала-Тоо»). Капасты ачып, ичиндеги кушту чыгарып жиберди («Жомоктор»). Капаска конуп алган соң, бөдөнө сайрап берет (Сыдыкбеков). 2. өт. Эрксиздик, камалуучу жай, түрмө. Батийна узап бараткан келиндей сезбей, өзүн капаска бараткан эрксиз туткундай баамдаган (Сыдыкбеков). Капаста антип жүрсөм да, Тилегим жалгыз баламда (Токтогул). Калың элди көрсөтпөй, Капаска койду бактырып (Казыбек).
сын. Кайгысыз, капасы, убайымы жок; жайдары.
Кайгы-капасы жок, бейкут, жайдары, убайымсыз. Капасыз өмүр сүрүү.