КАПАРЫНА АЛБОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Тоготпоо, маани бербөө, анчалык көңүл бурбоо. Аны эч ким капарына албады (Бейшеналиев). Курмановдун азыркы тийишкенин анчалык капарына албагандай (Бейшеналиев). В.: Капарына келбөө. Көйнөк, дамбалым шүүдүрүмгө чыланып, асты жагыман сыз өтүп жатканы да капарыма келген жок (Жигитов).