Киргизско-русский словарь Юдахина
забота, внимание;
капарымда жок мне невдомёк; я и не думал, я и не предполагал; мне и в голову не приходило;
түк капар кылбайт он ни о чём не думает, не заботится; он не обращает внимания;
эчтемеден капары жок уктап жатат он безмятежно спит;
эч нерсени капарга албай келе жаткан он шёл (ехал), не думая ни о чём (не зная заботы, не подозревая опасности и т.п.);
капарына албады а ему хоть бы что; а он себе и в ус не дует;
дүнүйө капар далёкий от жизни, беспечный.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ой, көңүл, назар. Эч нерседен капары жоктой болуп Күлүкан турат (Ашубаев). Дилде кимдин капарына келип койгон секелек эле (Касымбеков). Жамат жаман тонун баса жамынып эчтемеден капары жок уктап жатат (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бейгам, бейкапар, эчтеме менен иши жок, түйшүксүз. Эч нерседен капарсыз Гүлайым шар жооп берди (Бейшеналиев). – Баталашкан куда элек,– деди Казак капарсыз отурган Адыкеге (Сыдыкбеков). Эчтекеден капарсыз жаткан кезимде ушул шумдук кабарды угуп калып, тынчым кете баштаганын үйдөгүлөр сезип калышты (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тоготпоо, маани бербөө, анчалык көңүл бурбоо. Аны эч ким капарына албады (Бейшеналиев). Курмановдун азыркы тийишкенин анчалык капарына албагандай (Бейшеналиев). В.: Капарына келбөө. Көйнөк, дамбалым шүүдүрүмгө чыланып, асты жагыман сыз өтүп жатканы да капарыма келген жок (Жигитов).