Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАПАЛ — топоним. Эпосто «Аккан Иле суусу бар. Ар жагы Капал тоосу бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 264) делип Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылган аттар өткөн тоо. Географиялык реалияда Казакстандын Талды-Коргон облусундагы тоо жана андагы өрөөн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капа болуу, кайгыруу, бир нерсеге теригип, маанайы пас болуу, таарынып калуу. Капаланбаңыз, баары жайында («Ала-Тоо»). Кайгырып капаланба, сезимдерим, Карайлап жүдөп турган кезим менин (Бегимкулова).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайгы-капасы бар, убайымдуу. Кызы өлгөндөн кийин Санька абдан капалуу болуп, сүйлөшпөй калды (Абдукаримов). Чоң-Бүлөөлүдө болгон окуядан бери Каныбек абдан капалуу (Жантөшев). Алар үйдө жокто менден капалуу, менден ызалуу ким бар (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайгыга баткандык, убайымдуулук, капа болгондук. Эне Жылдызканды карап, анын түрүн байкады. Эч кандай капалыктын шегин сезген жок (Байтемиров). Капалыкка алдырбай, Кайрат айтат өзүнө («Эр Төштүк»). Башымдан акыл кеткен бейм, Капалыктан чачылып («Эр Табылды»).