1. шея; мойнум моя шея; мойнуң твоя шея; мойну его шея; турна моюн журавлиная шея (эпитет красавицы); турна моюн, кара көз турса Кишим келтек жеп, турганым менин жөнбү деп? разве хорошо, если я буду безучастным, когда бьют тонкошеюю, черноокую Кишим? моюн алыш- обнять друг друга за шею; колуң менен кылсаң, мойнуң менен көтөрөрсүң погов. руками сделаешь, шеей поднимешь; рука согрешит, а голова в ответе; жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу погов. у бедняка спинной хребет твёрд, у быка шея крепка; аттын мойнуна миие чап- мчаться, пригибаясь к шее коня; мчаться на коне сломя голову; жинди кыздын мойнундай (вихляется) как шея бесноватой девицы; арка мойнуң астыңда калат ты свернёшь себе шею, ты сломишь себе голову; ал мойнуңду жулуп алат он тебе свернёт шею; 2. перен. шейка (какого-л. предмета); кумгандын мойну шейка кумгана; моюн толго- решительно противиться, наотрез отказываться; моюн толгоп, басып кетти он решительно отказался и ушёл; канды (вместо кандуу) моюн убийца; каны мойнуңа кетет кровь его ляжет на тебя, ты будешь повинен в его смерти; моюнга кой- доказать виновность; менин мойнума коё турган эч далил жок нет никаких доказательств против меня; моюнга кур (или бото или чылбыр) сал- или моюнга кур (или бото или чылбыр) салын- выразить покорность, покориться (букв. наложить (себе) на шею пояс или шарф или поводок); кара моюн уландар взрослые парни (18-20 лет); кызыл моюн балдар зелёная молодёжь, молоденькие пареньки; күйүк моюндар бедняки, беднота (букв. загорелые шеи); моюнга көтөр- переносить, выдерживать; кыйынчылыктарды моюнга көтөрүү керек нужно переносить трудности; бирөөнүн ашына мойнуңду созбо погов. на чужой каравай рта не разевай; ооз моюн южн.то же, чтоооз омуртка (см.омуртка); моюн салып опустив голову; мойнун жерге салыптыр фольк. (мчащийся скакун) низко опустил голову; моюнга ал- признать (вину и т.п.); принять на себя; жаңылыштарын мойнуна алды он признал свои ошибки; мойнуна алгандыгына караганда исходя из его собственного признания; мойнума алам я принимаю на себя; я признаю, я повинен; моюңга арт- возложить на кого-л., вменить кому-л. в обязанность; моюнга артыл- страд. отмоюнга арт- быть возложенным на кого-л., вменённым кому-л. в обязанность; моюн күчтүккө сал- полагаться на силу кого-л., опираться на силу; мойну тоң или тоң моюн строптивый, несговорчивый; моюн бер- сдаться, поддаться; шайтан (или азезил) мойну сынсын! эх, начнём!, эх, давайте!, эх, была не была! (сделаем, поступим так-то и т.п.); кана, шайтан мойнун сындырып, бир жарышып албайлыбы?! эх, а не пуститься ли нам вперегонки?! (напр. на конях); шайтан мойнун сындырып, жүз граммдан кылт этип койбойлубу?! эх, а что если мы пропустим по сто граммов?!; көк моюн чуйск. вторая лунка, в которую кладут шарики при игре в тогуз кумалак (см.кумалак); көк моюн или кызыл моюн шутл. вино; моюн тер одна из фаз тренировки коня к скачкам: после выстойки гоняют до пота на шее, а затем, сняв попону, делают проводку, пока пот не высохнет; моюнум жар бербейт см.жар I; моюн сун- то же, чтобойсун-.
зат.1. Дененин тула бойду баш менен бириктирип турган бөлүгү. Кара моюн ак эчки Эркелетти эгизди (Аалы). [Кишимжан] укурук моюн калем каш, Кундузга окшош олоң чач («Олжобай менен Кишимжан»).
2. Идиштердин ооз жагына жакын ичкерээк келген жери. Кумгандын моюну. ♦ Тоңмоюн — тил албаган, айтканга көнбөгөн, өз билгенин иштеген. Алым ушул болгонсоң, Кантип болом тоң моюн (Аалы). Моюнгаалуу— 1) кандайдыр бир иш өзү тарабынан болгондугун, иштелгендигин ырас деп табуу; 2) милдет кылып алуу. Моюнсунуу — макул болуу, көнүү, баш ийүү. Кыскасы сүйүү — зор үмүт, моюн сундум (Жантөшев). Моюнужарбербөө — иштегиси келбөө, көңүлү келбөө, ышынчаактык кылуу. Дөңгөчтү жарууга сенден башка кишинин моюну жар бербей жүрдү эле, деди Карыпка (Абдукаримов). Моюнтолгоо — тил албоо, өз билгенинче болуу. Анда кедей болбоду, Болбой мойнун толгоду (Токтогул). Жезмоюнжеакмоюн — шампанское. Жез моюндан эки бөтөлкө алды («Чалкан»). Моюнунажемойнунаминүү — толук бийлөө, бийлик кылуу. Ачуусу келгенде күйөөсүнүн мойнуна аялы минип алат (Сыдыкбеков). Моюнбербөө — макул болбоо, тануу, жеңдирбөө, мойнуна албоо. Айткан эмесмин деп моюн бербей жүрөт (Сыдыкбеков).
моюн, мойну, моюну мойну жар бербөө мойну жоон мойну менен тартуу мойну тоң мойну тоңдук кылуу мойнун сындыруу мойнуна алуу мойнуна коюу мойнуна минүү мойнуна сорпо төгүлүү мойнуна түшүү мойнунан байлаган ит моюн алышуу моюн артериясы моюн бербөө моюн булчуңдары моюн булчуңунун арте риясы моюн веналары моюн нервдери моюн омурткалары моюн сун- моюн сундуруу моюн сунуу моюн таптык кылуу моюн толгоо моюнга ал- моюнга алуу моюнга алыш-
1. Денени, тула бойду баш менен бириктирип турган бөлүгү. Кара моюн ак эчки Эркелетти эгизди (Токомбаев). Кишимжан укурук моюн калем каш, Кундузга окшош олоң чач («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Идиштердин ооз жагына жакын ичкерээк келген жери. Кумгандын моюну.
Кыргызча моюн түрүндө айтылган сөз байыркы түрк жазууларында бойун жана буйун түрүндө болгон. Ал сөз бог+ун бөлүктөрүнөн куралган. Бог этиши азыркы кыргызча «буу» жана «муунт» этишинин маанисинде колдонултан (ДТС, 109). Мына ошол этишке зат атооч жасоочу -ын мүчөсү жалганып, богун//бугун сөзү келип чыккан. Ал «байлап, бууп коюучу жер» же «муунтуп койчу жер» дегенге жакын маани берген. Азыркы муузда этишинин негизин түзгөн мууз сөзү да байыркы кезде богаз же богуз түрүндө айтылып, бог этишинен жасалган. Сөздүн башындагы б тыбышы м тыбышына өтүү муузда жана моюн сөздөрүнүн экөөндө тең орун алат, ошону менен бирге мойун сөзүндө г тыбышы й тыбышына алмашса, мууз сөзүндө биротоло түшүп калган.
Баш ийбөө, макул болбоо, жеңилбөө, көңүл бөлбөө. Ажике жеңем жакшы эле моюн бербей күйөөсү кармаган жеңин жулуп алып Мунабияны көздөй тап коеюн дегичекти Мунабия аны кыжаалат бир карап алгандай болду (Акматов). Мурун эле ушул сыяктуу оорунун белгилери белгилүү болгонуна моюн бербей жүрө берген (Бердикеев).
Баш ийбөө, макул болбоо, жеңилбөө, көңүл бөлбөө, мойнуна албоо. Ажике жеңем жакшы эле моюн бербей күйөөсү кармаган жеңин жулуп алып Мунабияны көздөй тап коеюн дегичекти Мунабия аны кыжаалат бир карап алгандай болду (Акматов). Мурун эле ушул сыяктуу оорунун белгилери белгилүү болгонуна моюн бербей жүрө берген (Бердикеев). Айткан эмесмин деп моюн бербей жүрөт (Сыдыкбеков).
1. Айыбын, кылган күнөөсүн, жаңылыштыгын танбоо, ырастыгына макул болуу, болгону чын деп айтуу. Эмесе, Кара-Суунун казан башында турган шеф-поварлары ботконун тузун саал өткөрүп жиберишкенин моюнга алуу керек («Чалкан»). Ыйлаак кемчилигин мойнуна алды (Байтемиров). Айтолкунда чындыкты моюнга алуудан башка арга жок (Каимов). 2. Милдетин алуу, аткарууга милдеттүү болуу. Кыштын катуу чилдесинде өтө кыйындыкты, оордукту моюнга алып, мал багып, мал өстүрүп жаткан эмгек баатырларына мен ызаат менен карайм (Баялинов). Мамырды жүйөөгө келтирүү милдетин да Алтын мойнуна алды (Байтемиров).
1. Айыбын, кылган күнөөсүн, жаңылыштыгын танбоо, ырастыгына макул болуу, болгону чын деп айтуу. Эмесе, Кара-Суунун казан башында турган шеф поварлары ботконун тузун саал өткөрүп жиберишкенин моюнга алуу керек («Чалкан»). Ыйлаак кемчилигин мойнуна алды (Байтемиров). Айтолкунда чындыкты моюнга алуудан башка арга жок (Каимов). 2. Милдетин алуу, аткарууга милдеттүү болуу. Кыштын катуу чилдесинде өтө кыйындыкты, оордукту моюнга алып, мал багып, мал өстүрүп жаткан эмгек баатырларына мен ызаат менен карайм (Баялинов). Мамырды жүйөөгө келтирүү милдетин да Алтын мойнуна алды (Байтемиров).
этиш.1. Атты камчы менен моюнга чабуу (көбүнчө жактырбагандыгын, нааразылыгын билдирүү иретинде). Атын кыйнап моюндап (Аалы).
2. Мойнуна алуу, өзүн жооптуу деп табуу.
1. ат моюнда- хлестнуть свою лошадь плетью по груди и повернуть её голову в сторону (этим движением всадник выражает свой протест и уезжает); атын моюндап тескери бастырып кетти он хлестнул свою лошадь и с чувством недовольства поехал в обратную сторону; 2. принять на себя ответственность, признав свою вину; иштеген айбын моюндабай койду он не признал того, что ему инкриминировалось; он отверг предъявленное ему обвинение; кечээги сөзүн бүгүн моюндабай танат сегодня он отпирается от того, что говорил вчера; жолго чыгып алганбыз, жер моюндап калганбыз стих. мы двинулись в путь и уже преодолели значительную его часть.
1. Түйшүктү, ишти мойнуна алуу, өзүн жооптуу деп табуу. Ал эл түйшүгүн моюндап атка мингенден тартып мындан кыйын канча жооптуу иштерди бүтүрдү (Наматбаев). Бирок эскерип коюш тирүүлөрдүн моюнундагы парс экен (Жакиев). 2. Күнөөнү мойнуна алуу. Ал айыбын моюндабай койду («Ала-Тоо»). 3. ат моюндан: атын моюнга чаап (макул эместигин, каршылыгын билдирүү). Атын моюндан тескери бастырып кетти.
моюндаш I сверстник; друг; моюндаш өскөн росший вместе, друг детства. моюндаш- II взаимн. отмоюнда- 1. обниматься, обнимать друг друга за шею; 2. перен. (о мужчине и женщине) жить в любви и согласии; Манастын уулу Семетей, алган жарым болсо - деп, азгана ойноп-күлсөк - деп, моюндашып жүрсөк - деп фольк. ах, если бы Семетей, сын Манаса, стал моим любимым мужем, если бы мы, потешаясь и забавляясь, жили в любви и согласии; 3. взаимно признавать свою вину; экөө тең моюндашпай койду из них двоих никто не признал своей вины (или предъявленной к нему претензии).
Айтканына, койгон талабына макул болуу, баш ийүү, көнүү, каршылык көрсөтпөө. Жүйөлүү жоопко Бакы моюн сунат (Осмоналиев). Иштен баш тартуу кылмыш катары кабыл алынаарына ишенген Осмонкул бара-бара моюн сунуп калды (Өгөбаев). Он жылдык өмүрү бир күндө өтүп кеткендей карылыкка ошол күнү моюн сунду (Кушбаков).
Айтканына, койгон талабына макул болуу, баш ийүү, көнүү, каршылык көрсөтпөө. Жүйөлүү жоопко Бакы моюн сунат (Осмоналиев). Иштен баш тартуу кылмыш катары кабыл алынаарына ишенген Осмонкул бара-бара моюн сунуп калды (Өгөбаев). Он жылдык өмүрү бир күндө өтүп кеткендей карылыкка ошол күнү моюн сунду (Кушбаков). Кыскасы сүйүү – зор үмүт, моюн сундум (Жантөшев).
Тил албоо, кежирлик кылып бир нерседен баш тартуу, аткаргысы келбөө. Сагын моюн толгоп койгону менен бүгүн кузгундан эрте турду (Осмоналиев). Алар тиги Кары Тукумдарын, андагы Чонор Баатырын бел тутуп, моюн толгошуп жатышат ко (Көчкөнов). Абышка дагы эле моюн толгойт (Медетов). Анда кедей болбоду, Болбой мойнун толгоду (Токтогул).
Тил албоо, кежирлик кылып бир нерседен баш тартуу, аткаргысы келбөө. Сагын моюн толгоп койгону менен бүгүн кузгундан эрте турду (Осмоналиев). Алар тиги Кары тукумдарын, андагы Чоңор Баатырын бел тутуп, моюн толгошуп жатышат ко (Көчкөнов). Абышка дагы эле моюн толгойт (Медетов).
1. Өгүздүн мойнуна салынуучу жыгач каамыт. Эки өгүздү моюнтуруктарынан чыгарып отко айдап жиберишиптир (Сасыкбаев). 2. диал. Моюнча жип. Торпоктун моюнтуругун кайта ала кел.
моюнча I 1. подтёлок (бычок или тёлка по второму году, когда они перестают сосать); кашаң аттан көрө, моюнча тана жакшы погов. лучше тёлка, чем ленивая лошадь; 2. перен. однолетки, ровесники; Бейше менен Шарше моюнча өсүшкөн Бейше и Шарше росли вместе; моюнча ойноп чоңойдук мы выросли в совместных играх. моюнча II южн. 1. то же, что моюнчак; 2. ожерелье; 3. көнөчөк (см.) из шейной кожи архара; 4. чанач (см.) из бедренной кожи архара; бир моюнча южн. (мера земли) то же, чтобир кош (см.кош II 2).
зат.1. Сүт эмбей калган бир жаштан эки жашка караган музоо, торпок. Ири бодолордон туура ону моюнча торпокко айланып, үчөөнө акты жазылды го.. (Сыдыкбеков). Береги эки улактуу эчкини, бир козу менен моюнчаны алып тур (Жантөшев).
2. Музоонун мойнуна тагылган жип. Кызыл музоо кемерчеден чыгарда Жылдызкан жетип, моюнчасынан кармады (Байтемиров). Мукаш музоосун желеден бошотуп, моюнчасын түрүп жатты («Жаш ленинчи»).
1. Сүт эмбей калган бир жаштан эки жашка караган музоо, торпок. Ири бодолордон туура ону моюнча торпокко айланып, үчөөнө акты жазылды го... (Сыдыкбеков). Береги эки улактуу эчкини, бир козу менен моюнчаны алып тур (Жантөшев). 2. Музоонун мойнуна тагылган жип. Кызыл музоо кемерчеден чыгарда Жылдызкан жетип, моюнчасынан кармады (Байтемиров). Мукаш музоосун желеден бошотуп, моюнчасын түрүп жатты («Жаш ленинчи»).
Кыргызча моюнча сөзү «жаз чыккан ургаачы торпок» маанисин берет. Калмакча күзүвче сөзү да ушундай эле маани берет (КРС, 323). Калмакча күзүвче сөзү күзүн «моюн» сөзүнөн келип чыгат. Экөө тең моюн сөзүнө -ча мүчөсү жалгануудан пайда болгон.
Бул -ча мүчөсү болсо моюнчак деген учурдагы -чак мүчөсүнүн аяккы тыбышы түшүп, кыскарып калганы дешке болот. Анткени бир жаштан ашкан торпоктун мүйүзү анчалык жетилбегендиктен, аны дагы эле мойнундагы моюнчагы менен байлаган кези болот.