МОЮНГА АЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Айыбын, кылган күнөөсүн, жаңылыштыгын танбоо, ырастыгына макул болуу, болгону чын деп айтуу. Эмесе, Кара-Суунун казан башында турган шеф-поварлары ботконун тузун саал өткөрүп жиберишкенин моюнга алуу керек («Чалкан»). Ыйлаак кемчилигин мойнуна алды (Байтемиров). Айтолкунда чындыкты моюнга алуудан башка арга жок (Каимов). 2. Милдетин алуу, аткарууга милдеттүү болуу. Кыштын катуу чилдесинде өтө кыйындыкты, оордукту моюнга алып, мал багып, мал өстүрүп жаткан эмгек баатырларына мен ызаат менен карайм (Баялинов). Мамырды жүйөөгө келтирүү милдетин да Алтын мойнуна алды (Байтемиров).