Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат.1. Дененин тула бойду баш менен бириктирип турган бөлүгү. Кара моюн ак эчки Эркелетти эгизди (Аалы). [Кишимжан] укурук моюн калем каш, Кундузга окшош олоң чач («Олжобай менен Кишимжан»).
2. Идиштердин ооз жагына жакын ичкерээк келген жери. Кумгандын моюну.
Тоң моюн — тил албаган, айтканга көнбөгөн, өз билгенин иштеген. Алым ушул болгонсоң, Кантип болом тоң моюн (Аалы). Моюнга алуу 1) кандайдыр бир иш өзү тарабынан болгондугун, иштелгендигин ырас деп табуу; 2) милдет кылып алуу. Моюн сунуу — макул болуу, көнүү, баш ийүү. Кыскасы сүйүүзор үмүт, моюн сундум (Жантөшев). Моюну жар бербөө — иштегиси келбөө, көңүлү келбөө, ышынчаактык кылуу. Дөңгөчтү жарууга сенден башка кишинин моюну жар бербей жүрдү эле, деди Карыпка (Абдукаримов). Моюн толгоо — тил албоо, өз билгенинче болуу. Анда кедей болбоду, Болбой мойнун толгоду (Токтогул). Жез моюн же ак моюн — шампанское. Жез моюндан эки бөтөлкө алды («Чалкан»). Моюнуна же мойнуна минүү — толук бийлөө, бийлик кылуу. Ачуусу келгенде күйөөсүнүн мойнуна аялы минип алат (Сыдыкбеков). Моюн бербөө — макул болбоо, тануу, жеңдирбөө, мойнуна албоо. Айткан эмесмин деп моюн бербей жүрөт (Сыдыкбеков).