Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Түйшүктү, ишти мойнуна алуу, өзүн жооптуу деп табуу. Ал эл түйшүгүн моюндап атка мингенден тартып мындан кыйын канча жооптуу иштерди бүтүрдү (Наматбаев). Бирок эскерип коюш тирүүлөрдүн моюнундагы парс экен (Жакиев). 2. Күнөөнү мойнуна алуу. Ал айыбын моюндабай койду («Ала-Тоо»). 3. ат моюндан: атын моюнга чаап (макул эместигин, каршылыгын билдирүү). Атын моюндан тескери бастырып кетти.