МОЮН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргызча моюн түрүндө айтылган сөз байыркы түрк жазууларында бойун жана буйун түрүндө болгон. Ал сөз бог+ун бөлүктөрүнөн куралган. Бог этиши азыркы кыргызча «буу» жана «муунт» этишинин маанисинде колдонултан (ДТС, 109). Мына ошол этишке зат атооч жасоочу -ын мүчөсү жалганып, богун//бугун сөзү келип чыккан. Ал «байлап, бууп коюучу жер» же «муунтуп койчу жер» дегенге жакын маани берген. Азыркы муузда этишинин негизин түзгөн мууз сөзү да байыркы кезде богаз же богуз түрүндө айтылып, бог этишинен жасалган. Сөздүн башындагы б тыбышы м тыбышына өтүү муузда жана моюн сөздөрүнүн экөөндө тең орун алат, ошону менен бирге мойун сөзүндө г тыбышы й тыбышына алмашса, мууз сөзүндө биротоло түшүп калган.