Киргизско-русский словарь Юдахина
моюнча I
1. подтёлок (бычок или тёлка по второму году, когда они перестают сосать);
кашаң аттан көрө, моюнча тана жакшы погов. лучше тёлка, чем ленивая лошадь;
2. перен. однолетки, ровесники;
Бейше менен Шарше моюнча өсүшкөн Бейше и Шарше росли вместе;
моюнча ойноп чоңойдук мы выросли в совместных играх.
моюнча II
южн.
1. то же, что моюнчак;
2. ожерелье;
3. көнөчөк (см.) из шейной кожи архара;
4. чанач (см.) из бедренной кожи архара;
бир моюнча южн. (мера земли) то же, что бир кош (см. кош II 2).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сүт эмбей калган бир жаштан эки жашка караган музоо, торпок. Ири бодолордон туура ону моюнча торпокко айланып, үчөөнө акты жазылды го.. (Сыдыкбеков). Береги эки улактуу эчкини, бир козу менен моюнчаны алып тур (Жантөшев).
2. Музоонун мойнуна тагылган жип. Кызыл музоо кемерчеден чыгарда Жылдызкан жетип, моюнчасынан кармады (Байтемиров). Мукаш музоосун желеден бошотуп, моюнчасын түрүп жатты («Жаш ленинчи»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сүт эмбей калган бир жаштан эки жашка караган музоо, торпок. Ири бодолордон туура ону моюнча торпокко айланып, үчөөнө акты жазылды го... (Сыдыкбеков). Береги эки улактуу эчкини, бир козу менен моюнчаны алып тур (Жантөшев). 2. Музоонун мойнуна тагылган жип. Кызыл музоо кемерчеден чыгарда Жылдызкан жетип, моюнчасынан кармады (Байтемиров). Мукаш музоосун желеден бошотуп, моюнчасын түрүп жатты («Жаш ленинчи»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргызча моюнча сөзү «жаз чыккан ургаачы торпок» маанисин берет. Калмакча күзүвче сөзү да ушундай эле маани берет (КРС, 323). Калмакча күзүвче сөзү күзүн «моюн» сөзүнөн келип чыгат. Экөө тең моюн сөзүнө -ча мүчөсү жалгануудан пайда болгон. Бул -ча мүчөсү болсо моюнчак деген учурдагы -чак мүчөсүнүн аяккы тыбышы түшүп, кыскарып калганы дешке болот. Анткени бир жаштан ашкан торпоктун мүйүзү анчалык жетилбегендиктен, аны дагы эле мойнундагы моюнчагы менен байлаган кези болот.