Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сүт эмбей калган бир жаштан эки жашка караган музоо, торпок. Ири бодолордон туура ону моюнча торпокко айланып, үчөөнө акты жазылды го... (Сыдыкбеков). Береги эки улактуу эчкини, бир козу менен моюнчаны алып тур (Жантөшев). 2. Музоонун мойнуна тагылган жип. Кызыл музоо кемерчеден чыгарда Жылдызкан жетип, моюнчасынан кармады (Байтемиров). Мукаш музоосун желеден бошотуп, моюнчасын түрүп жатты («Жаш ленинчи»).