МОЮНЧА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргызча моюнча сөзү «жаз чыккан ургаачы торпок» маанисин берет. Калмакча күзүвче сөзү да ушундай эле маани берет (КРС, 323). Калмакча күзүвче сөзү күзүн «моюн» сөзүнөн келип чыгат. Экөө тең моюн сөзүнө -ча мүчөсү жалгануудан пайда болгон.
Бул -ча мүчөсү болсо моюнчак деген учурдагы -чак мүчөсүнүн аяккы тыбышы түшүп, кыскарып калганы дешке болот. Анткени бир жаштан ашкан торпоктун мүйүзү анчалык жетилбегендиктен, аны дагы эле мойнундагы моюнчагы менен байлаган кези болот.