Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Айтканына, койгон талабына макул болуу, баш ийүү, көнүү, каршылык көрсөтпөө. Жүйөлүү жоопко Бакы моюн сунат (Осмоналиев). Иштен баш тартуу кылмыш катары кабыл алынаарына ишенген Осмонкул бара-бара моюн сунуп калды (Өгөбаев). Он жылдык өмүрү бир күндө өтүп кеткендей карылыкка ошол күнү моюн сунду (Кушбаков).