Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Баш ийбөө, макул болбоо, жеңилбөө, көңүл бөлбөө. Ажике жеңем жакшы эле моюн бербей күйөөсү кармаган жеңин жулуп алып Мунабияны көздөй тап коеюн дегичекти Мунабия аны кыжаалат бир карап алгандай болду (Акматов). Мурун эле ушул сыяктуу оорунун белгилери белгилүү болгонуна моюн бербей жүрө берген (Бердикеев).