ар. разум, ум, рассудок; ар кишиде бир акыл, өз билгенин береби стих. у каждого человека свой ум, от своего он не отступится; менин акылым сенде эмес, сенин акылың менде эмес погов. мой ум не у тебя, твой ум не у меня; всяк живёт своим умом; жакшы болсо катының, табыла берет акылың погов. если жена у тебя хорошая, (то) ум (умное решение) всегда найдётся; кебиң акыл ты умно говоришь; ты дело говоришь; акыл көрсөт- или акыл айт- или акыл бер- советовать; давать советы, давать наставления; наставлять на путь; андай эмес, мындай деп, акыл берген сен ушу фольк. ведь ты меня наставлял, (это) мол, не так, а этак; акыл ойло- думать, обдумывать, обмозговывать; мен бир акыл ойлоп турам я обдумываю одну вещь; мне в голову пришла одна мысль; түрдүү акыл ойлоду фольк. он раскидывал умом так и этак; акыл бөл- давать советы (букв. делиться умом); акылын элге беле элек фольк. он пока ещё (был мал и) людям не давал совета; акыл сал- или акыл сура- советоваться; обращаться за советом; просить совета; элден акыл сурабайбыз мы у людей ума не просим; мы сами с усами; катынына акыл салды он посоветовался со своей женой; акылга сал- обдумать, обмозговать; булардын сөзүн акылга салып обмозговав их слова; акылга түш- одуматься; акылыңа түшө көр постарайся одуматься; акылыңды табармын я найду на тебя управу, я придумаю, что с тобой делать; акыл тап- догадаться, додуматься; умудриться; акыл таптым я догадался (что здесь нужно сделать); я понял (в чём тут суть); табылган акыл ловко придумано; удачно придумано; акыл кыл- думать; быть в раздумье; экөө акыл кылышып (они) двое, посоветовавшись; атайын деп аркарды, Молдожаш акыл кылды эми фольк. Молдоджаш раздумывал, не застрелить ли архара; акыл кылдык мы решили; мы нашли нужным; акылга мыктап токуңар фольк. крепко вбейте себе в головы; акылым жетпейт я не постигаю, я не могу понять; акыл кошо турган киши издеди он искал человека, с которым можно было бы посоветоваться; акылга токтол- решить, принять решение; акыл токтот- одуматься; взять себя в руки; прийти в себя; кызуулукту коюп, акыл токтотту он перестал горячиться, одумался; ачуусу таркап акыл токтоткон соң когда гнев его прошёл и он одумался; акылга кир- образумиться; акылга киргиз- образумить; акылы бутүн (о человеке) умный, разумный; акылы көзүндө у него ум в глазах (о человеке, который понимает только то, что видит); акыл-айла уловки и хитрости; способ выйти из положения; акыл-айла издеп в поисках выхода (из положения); акыл-эс сознание; акыл-эси жетиле элек он пока ещё недостаточно сознателен; акылга жеңдир- см.жеңдир-; акылым жеңип см.жең- II; акыл ийле- см.ийле-; акылга дыйкан см.дыйкан; акылга түй- см.түй-.
зат. Адамдын ойлоо жөндөмдүүлүгү, аң-сезимдүү ойлой билүү, логикалык ой жүргүзө билүү жөндөмдүүлүгү, ой-пикир, эс. Акыл —тозбогон тон, билим — түгөнбөгөн кен (макал). Акыл айга жеткизет, өнөр көккө жеткизет (макал).
♦ Акылтоктотуу — ойлонуу, сабырдуулук менен ойлонуп иш кылуу.
акыл акыл тарбиясы акыл айт акылга дыйкан акыл кара акыл кош акыл салуу акыл-айла акыл-эс акыл эси акыл-ой акыл эмгеги акыл-эси ордунда акыл-эсине кирүү акыл-эстен тануу акыл-эстүүлүк акылы айран болуу акылы жетпөө акыл-насаат (акыл насат эмес) акылга дыйкан акылга сыярлык акылга шерик акылдан адашуу акылдан тануу
1. Адамдын ойлоо жөндөмдүүлүгү, эс. Асыл таштан чыгат, акыл баштан чыгат (макал). Акыл – тозбогон тон, билим – түгөнбөгөн кен (макал). 2. Кандайдыр бир иштин чечилиш жолу, амалы, ыгы же ушундай максатта бирөөгө айтылган кеңеш, ой-пикир. Кошой аба, акыл тап, Ашын кандай беребиз («Манас»). Акыл ойлоп шашпады Алдоонун кебин баштады (Тоголок Молдо). Бул дурус акыл, – деди Насир (Жантөшев). Буга сиз кандай акыл кошор элеңиз («Чалкан»).
АКЫЛАЙ — эпизоддук кейипкер, Айчүрөктүн нөкөрү. Айчүрөк Үргөнчтүн боюнда Семетейди тосуп жатканда А. кереметтүү түш көрүп, аны кыздарга баяндаганда түшүн Канымжан жоруп, Семетейдин келе турганын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 46—47).
АКЫЛАЙ — каарман, Манастын аялы, Шооруктун кызы. Манас Оогандын каны Шоорукту жеңип, кызы А-ды тартууга алат. ЗКоокерчилик доордун салты боюнча кыз баатырдын «олжосу» болуп турган тарыхый шарттын көркөм элеси эпостун бардык варианттарында учурайт. Түш. Кыргызстандан (Ноокат, Алай рндору) жазылып алынган жана Жусуп Мамайдын вариантында А. эмес Накылай. Бардык айтуучулар А-дын образын түзүүдө жалпы эпостук салтка ылайык анын портретине, ички сапат-касиетине, кылыкжоругуна таамай мүнөздөмө беришет: Шооруктун кызы Акылай, Шоодураган капырай, Короз моюн, аппак бет, Койкоңдогон кара бет. Карагат көздүү, кардай эт, Какшаңдаган кара бет (Сагымбай Орозбаков, 2. 221). А. келишимдүү сымбаты, жасакерленген кыялжоругу аркылуу Манаска жагууга аракеттенет. Анын колунан иш келбеген чоркоктук, эл тагдырына көңүл кош караган пассивдүүлүк, жеңил ойлуулук, туруксуздук, мансапкорлук жана күнүчүлдүк сыяктуу жагымсыз сапаттарын, акылсыздыгын байкаган Бакай: «Каада билбес катының, Кайдан келген каапырың. Катыным бар деп ойлопсуң, Канкорум Манас бойдоксуң»,— (Саякбай Каралаев, 1. 235),— деп Манаска «тагдырына багышталган», «маңдайына жазылган» аялы башка экенин билдирет. Ант кени А. Манаска ылайык жар эмес, эпикалык чыгармадагы башкы баатырдын аялына коюлуучу талаптарга жооп бербейт. Манастын жоо кийимин даярдап, сарамжалын көрүү милдетин аткара албаганы — А-дын Манаска татыктуу жар эместигинин далили. Манастын А-ды олжолоп үйлөнүшүнүн жалпылыктары ар бир айтуучунун окуяны берүү бөтөнчөлүгүн, образ түзүү өзгөчөлүгүн жокко чыгарбайт. А-дын образынын эволюциялык өнүгүшүндө белгилүү айырмачылыктар учурайт. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын өлгөнүнө кырк күн толо электе А. «ал уулга тийбес катындын жети атасы каапыр», — деп Көбөшкө тийип алат. Кайрадан күйөөгө тийип, өз баркын көтөрүү максатын көздөгөн А-дын образы таптык коомдогу «канышаны» элестетет. Эпосто А-дын жагымсыз образы аркылуу өз элин эл тута албай жат болуп, ички душмандын кызматын кылган, өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мансапкор аялдын элеси берилген.
C. Алиев
АКЫЛАКУН — эпизоддук кейипкер, Кашкар беги Алакундун аяры. Ал Кашкарлыктын колу менен кыргыз колу беттешерде Манасты сынап келүүгө, колунан келсе өлтүрүүгө барат. Манастын сырткы келбетин көрүп эле жүрөгү түшүп өлөт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1792-инв., 59-61-б.).
производить взаимные расчёты; акылаштык мы рассчитались (каждый из нас взял с другого то, что ему причиталось); акылашпай жөн эле алыңыз! что за счёты, берите так (безвозмездно) !
понуд. отакылаш- содействовать взаимным расчётам (в отношении третьих лиц); понуждать к учинению взаимных расчётов; экөөн акылаштырып, акысын алып бер помоги им произвести взаимные расчёты.
АКЫЛБЕК (болжол менен 1840-жылдары туулган — өлгөн жылы белгисиз) — эл арасында ысмы кеңири тараган манасчы. Колдо болгон маалыматтарга караганда А. эң таланттуу инсан экен. А-тин өтө таланттуу жомокчу болгондугун ал жөнүндө бизге жеткен кабарлар айгинелейт. Маселен, манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен А-ти жогору баалайт. Манасчылар жөнүндө Сагымбай мындай ырдаар эле:
Назар менен Нармантай,
Келдибек, Балык, Тыныбек.
Баарысынан байкасам
Артык билет Акылбек (ЫАВ, Кол жазмалар фондусу, 1150-инв., 3-б.).
Залкар манасчылардын бири Саякбай Карала уулу «Чоң манасчылардын кимисине жолугуп, таалим алып, бирге болгонсуз?»— деген суроого ал: «Чоң манасчыдан Акылбекке кезиктим. Тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат кайран киши», — деп келип, А-тин айтуусунан Алмамбет менен Чубактын жол талашкан жеринен мындай саптарды келтирет:
Ойлосоң боло ой Чубак
Олоңдогон кысталак.
Каалап билдим дилимди,
Калжырайсың жөнү жок,
Кан кыл дедим кимиңди.
Караалдуу Манас болбосо
Кагар белем капкайда кеткен жиниңди...
Мен талак кылдым бутумду,
Таштап келдим журтумду,
Элимен качып келгени
Жаманыңа жанаштым.
Какылдайсың жөнү жок
Кан кыл деп айтып бу сени
Кимиңден кандык талаштым,
Мен кай жолумдан адаштым (Кол жазмалар фондусу, 151- инв., 198-б.).
«Мен өзүмдү бактылуумун деп сеземин, — деп эскерген Ыбырайым Абдыракман уулу — ысык-көлдүк атактуу манасчылардын жетөөнү көрүп калдым, жетөөнүн оозунан тең «Манас» уктум. Мына ушул манасчылардын мыктыларынын бири Акылбекти биринчи ирет он үч жашымда көрдүм. Мен жыйырма сегизге чыкканча Акылбектин «Манасын» көп уктум». Анын А. баш болгон атактуу жомокчулардан таалим-тарбия алгандыгын «Сейтек» эпосунун аягында жазган төмөнкү ыр саптары да ырастайт:
Мен да билем башынан,
«Семетей», «Манас» жомогун,
Ойноо бала жашыман.
Ысык-Көлдүн жеринде,
Уруусу бугу элинде,
Уругу кытай Акылбек
Аксакалдар айтчу эле
«Семетей», «Манас» айтууда,
Акылбек сөзү макул деп.
Акылбектен көп уктум
Өздөштүрүп төп уктум (ЫАВ, Кол жазмалар фондусу, 189инв., 331 —332-б.).
Ыбырайым Абдыракман уулунун эскерүүсүнө караганда А. «Манас» эпосун калмак тилинде да айта билген. «Акылбек Текесте жылкычы болуп жүргөн учурунда «Манасты» калмактардын ичине кирип барып, калмакча да айтып жүргөн» дешет (ЫАВ Кол жазмалар фондусу, 190 (1150)инв., 4-б.). Мына ушул эскерүүлөрдү эске алганда ысымдары эл арасына уламага айланган атактуу жомокчулардын «баарысынан артык билген Акылбек» манасчынын замандаштары Сагымбай Орозбак уулу менен Ыбрайым Абдыракман уулу тарабынан өтө жогору бааланышы А. сыяктуу «Манасты» толук айткан, абдан таланттуу жомокчулардын чанда чыгарына далил боло алат.
С. Алиев.
АКЫЛБЕК — эпизоддук кейипкер. Орго кан жеңилгенден кийин Акунбешим паашага каршы жөнөмөкчү болуп Манас кеңеш курганда эл билермандарынын ичинде анжыяндыктардын өкүлү катары аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 94).
Акылга бай, даанышман, акылдуу. Акылга дыйкан Каныштын, Алда кандай сөзү бар, Кабарын угуп алыңыз («Манас»). Айтылуу чечен Ажыбай, Акылга дыйкан эреним («Манас»). Толубай сынчы өзү – акылга дыйкан, билгич, кыраакы адам (Бейшеналиев). Тоголок Молдонун акылга дыйкан экендигине кулдук уруп багынуу ылайык (Бейшеналиев).
Ойлонуп көрүү, абдан ойлонуу, аркы-берки жактарын байкаштыруу. Сабырлык менен акылга салып иш кылуу керек (Жантөшев). Акылга салып ойлоп көрсөм, бир чети анын ошенткени да туура болгон экен. (Өмүрбаев).
Демейдегидей эле көрүнүш, ченден чыккан абал эмес, этикага туура келерлик. Жок дегенде акылга сыярлык иш кылсаңарчы, «Карышкырды кой сүзүп качырсын» деген кеп – алмустактан бери акылга сыярлык иш эмес экендиги белгилүү «Ала- Тоо».
Акыл жеткис, таптакыр түшүнүксүз, чындыкка окшобогон, ишенүүгө болбой турган. Жок дегенде акылга сыярлык иш кылсаңарчы. «Карышкырды кой сүзүп качырсын» деген кеп - алмустактан бери акылга сыярлык иш эмес экендиги белгилүү.
этиш.1. Жүрөк катуу согуу, кан тамырлары катуу кагуу, лакылдоо. Канчалык баатыр болсо да, Адылдан жүрөк акылдайт (Жантөшев). Акырек тамыр акылдап («Мендирман»).
1. испытывать сильную жажду; 2. перен. иметь сильное желание; 3. перен. торопиться, спешить; акылдап шашып жүрөт он что-то растерянно мечется; акылдап чуркап келди он быстро прибежал; акылдап тынбай иште- работать напряжённо и без отдыха; акылдап-такылдап торопливо и растерянно; 4. (о сердце) ёкать, сильно биться (от радости, испуга); канчалык баатыр болсо да, Адылдан жүрөк акылдайт стих. сколь бы ни был храбр (человек), но от Адыла (при виде Адыла) у него сердце ёкает; мылтыгын сунду эр Адыл, бирок жүрөк акылдайт стих. ружьё направил (прицелился) богатырь Адыл, а сердце (тревожно) бьётся.
1. Шашкандан, корккондон же катуу сүйүнгөндөн ж. б. жүрөк лакылдап согуп, кан тамырлары катуу кагып дем алалбай аптыгып калган абал. Канчалык баатыр болсо да, Акылдайт жүрөк акылдайт (Жантөшев). Негедир Айымдын жүрөгү акылдайт («Ала-Тоо»). 2. Бир нерсеге катуу умтулуу, катуу каалап, самап, эңсөө. Акылдабай тынгын да, Адал эмгек кылгын да (Шүкүрбеков). 3. Кээде алкылда маанисинде да учурайт.
Корккондо же кандайдыр бир кыйынчылыкка учураганда эмне кыларын билбей калуу. Муну көргөн кыргыздар, Акылынан танышып («Манас»). Акылдан танган неме деп ойлошкон тура! («Кыргызстан маданияты»).
Iсын. Бири-бири менен кеңештеш, сырдаш, пикирлеш. Акылдаш жакын адамга Айткым келет сырымды (Осмонкул). Акылдашым кырк жигит, Айбатымсың баарың тең («Курманбек»).
АКЫЛДАШIIэтиш. Кеңешүү, пикир алышуу. Каныбек өзүнүн оюн айтып, Кебек менен да акылдашты (Жантөшев).
умный, разумный; акылдуу отко карайт, акмак казанга карайт погов. умный за огнём смотрит (подкладывает топливо и т.п.), а дурак в котёл заглядывает; акылдуунун алды менен жүр, акмактын арты менен жүр погов. ходи впереди умного, ходи сзади дурака (умный, заметив у тебя недостаток, скажет тебе, а дурак, проявив усердие не по разуму, может ударить).
Акылдуу катарында көрүнүүгө аракет кылуу, акылдуу болгонсуп көрүнүү. Акылдуусунуп кеп айтат… Апенди чалыш байкушум, Артынан кууган тыйындын (Сарногоев).
1. Элдик жомоктун каарманы. Өтө акылдуу аял. Акылкарачачтай эле кеңеш бергенин карачы! (Абакиров). 2. өт. Акылман (оң жана какшык маанисинде). – Ой, сен бул оюңду акылкарачачыңдын түртмөсү менен айтып жатасың го дейм (Байтемиров).
АКЫЛМАН — акылга дыйкан, көптү билген, көптү көргөн, даанышман, кеменгер адам. Эзелтен эле кыргыз эли акылмандыкты, эл ичинен чыккан А. адамдарды кастарлап, алардын накыл кептерин көңүлгө тутуп келген. Элдеги, жамааттагы абийир, адеп, жалпы эле ымандык нормалардын сакталышын А. карыялар, аксакалдар көзөмөлдөп, багыттап турган. Ушуну менен катар журт башына кыйынчылык түшкөндө, кысталыш учурларда туура жол таба билген. Жаңжалдарды, чатактарды тыюуда жана башкалар оорчулуктан чыгууда чоң роль ойношкон. А-дар калыстык, адилеттик менен катар мамлекетти башкарууга да түздөн-түз катышкан. Бийлик ээлери өтө маанилүү чечимдерди акылчысы менен кеңешкенден кийин гана кабыл алышкан. Мындай көрүнүштөрдү «Манас» эпосунан өтө кеңири байкоого болот. Манасты Манас кылган Каныкей, Кошой, Бакай А. каармандар катары сүрөттөлөт. Элдин камын ойлогон даанышман адамдар эпосто көп жолугат. Алтайга айдалып барган кырк үйлүү кыргыз кыйын абалда калганда Акбалтанын кеңеши менен алтындын кенин казып, эгин эгип жан аябай эмгектенип эл байып, бакыбат турмушка жетишет (Саякбай Каралаев, 1. 36—37). Бул жагдай акыры келип элди материалдык көз карандылыктан бошотуп, тууган жер, эркиндик жөнүндөгү сезимдеринин ойгонушун шарттайт. Ушул жагдайда Кошойдун образы да кыйла барандуу образ:
Катагандын кан Кошой
Байгамбар чалыш карыя,
Адамдан артык тууган олуя.
Батасы эрди байыткан,
Дубасы жанды жарыткан,
Беделин көргөн чоочуган,
Он эки пирге кол берип,
Абаң Кошой кайран эр
Даанышман Кошой атанган (Саякбай Каралаев, 1. 108).
Кошой элге кадырлуу, кыраакы, кеменгер адам. Ал туш-тушка чилдей тарап кеткен кыргыздардын кимиси кай жакта экенин иликтеп биле жүргөн. Азган-тозгон элдин калганын эптеп жүрүп эл кылып, Чеч-Дөбөнү жер кылып, баскынчыларга моюн бербей турган. Элдин муң-зарын түшүнүп, келечегин терең ойлогон. Ошондуктан Акбалта карыя Манаска эң оболу «акылга дыйкан, кеменгер» Кошойго барып жолугууга кеңеш берет. Манас Кошойго жолуккандан баштап аны пирим деп эсептейт. Элдин камын, эркиндигин ойлоо керектигин, чачылган элди бириктирүү, элдик баатырдын иши экендигин Манаска Кошой туюнтат. Ошондой эле Каныкей менен Бакай да айрыкча А. адамдар катары сүрөттөлөт. Бакай Манаска келип кошулган күндөн анын А. кеңешчиси гана эмес, «жоону бирге жоолашкан, доону бирге доолашкан» жакын досу да болуп калат. «Калк энеси» атанган Каныкей Кошой Жолой менен күрөшкөндө кийген кандагайды жасоодон баштап, Манасты бир канча жолу өлүмдөн да алып калат. Көрөгөчтүгүнө, билгичтигине шайкеш келген А-дыгынын натыйжасында Манастын сөөгүн жашырып, күмбөз салат, Манастан калган жалгыз туяк Семетейди багып, чоңойтуп элине, жерине ээ кылат, ички-тышкы душмандардын баш айланткан чатактарында уулунун туура багыт алышына көмөктөшөт. Баатырлар коркунучтуу абалда калган учурларда да жол таба билет. Каныкей А-дыгы, чыдамкайлыгы, кайраты, сарамжалдуулугу менен катар камкор боорукер эне дагы. Эпосто Акбалта, Кошой, Каныкей, Бакайдан башка А-дын деңгээлине көтөрүлө албаса да, элге, журтка баш көз болуп, акыл айткан, жол баштаган, зарыл насааттарын аябаган көп каармандарды кездештирүүгө болот. Бирок, баары эле накта А. боло албайт. А-дык — эл тарабынан бааланган, ага коомчулук ыйгарган өзгөчө статус. Турмушта буга жалаң эле көп жашаган, көптү көргөн карыялар гана эмес, акылы жетик, түшүнүгү терең, татаал маселелерди калыс чече билген жаш адамдар да ээ болушу ыктымал. «Манас» эпосунда А-дарга «олуя», «олуят» деген эпитеттердин колдонулушу өтө маанилүү. Аны жөнөкөй түрдө колдонгондо ар нерсени алдын ала билген, философ деген маанини туюнтат. Алсак: «Акыл айтат Акбалта Олуя заада жан экен» (Саякбай Каралаев, 1. 37). «Катаган кандын кан Кошой Пайгамбар чалыш карыя, Адамдан артык тууган олуя» (Саякбай Каралаев, 1. 108).
Билбегенди билдирген
Билгич Бакай карыя.
Туйбаганды туйгузган.
Туйгун Бакай олуя (Саякбай Каралаев, 1. 187).
Эпосто А-ды сыпаттоодо карыя, аксакал, кызыр, касиеттүү, даанышман, кеменгер, көсөм деген сыяктуу сөздөр арбын пайдаланылат. Бул А. жөнүндөгү элдик түшүнүктүн тереңдигин, кенендигин айгинелейт. Жыйынтыктап айтканда А-дык эпосто элдик рухий дарамети, коомдун алга өнүгүшүнүн зор таянычы, прогресстин өзүнчө бир шам чырагы катары кеңири камтылып көрсөтүлүүсү менен көңүлдү өзүнө бурат.
О. Исмаилов
сын.1. Акыл жөндөмдүүлүгү төмөнүрөөк, эстүү эмес; жөн билги эмес. Акылсыз, арсыз дөдөйлөр Адамга сырттан баа берер (Элебаев). Акылсызга бак консо, башын чулгуйт ойдолоп (Осмонкул).
2. Тилдегенде, жемелегенде айтылуучу сөз. Акылсыз, урган кырк жигит Ат алып келер болсочу («Курманбек»). Акылсыз, буга белек жиберип эмне кылат («Ала-Тоо»).
1. Эси жок, кем акыл, эселек. Кесепеттүү акылсыз, Өзүнө кылган кастыгы, Колхозго кызмат кылбаса Кайдан болот аштыгы (Тоголок Молдо). Акылсыз, арсыз дөдөйлөр Адамга сырттан баа беpep (Элебаев). 2. Тилдегенде, жемелегенде айтылуучу сөз. Акылсыз, урган кырк жигит Ат алып келер болсочу («Курманбек»). Акылсыз, буга белек жиберип эмне кылат («Ала-Тоо»).
Эси жоктук, акылы жоктук, кем акылдык, эселектик. Ошондо меники акылсыздык же балалык экенин билбейм, айтор Шадыкандын сөзү көңүлүмө кирбеди (Элебаев).
Эсин жыюу, сабырдуулук менен ойлонуп иш кылуу. Акыл токтоткон жөн, бирөөнүн бүлөсү бирөөгө бүлө болбойт (Абакиров). Акыл токтотуп ойлоп көрсөңүз, буга да кыйын (Мырзаев).
Эсин жыюу, сабырдуулук менен ойлонуп иш кылуу. Акыл токтоткон жөн, бирөөнүн бүлөсү бирөөгө бүлө болбойт (Абакиров). Акыл токтотуп ойлоп көрсөңүз, буга да кыйын (Мырзаев).
сын.1. Акы төлөнө турган. Отурган үйдүн орду, малдын жайыты акылуу болду (Элебаев).
2. Укуктуу, укугу бар. Муну угуп Темир да өзүнүн жанындагы сырды чечишке акылуу болду (Сыдыкбеков).
1. Акы төлөнө турган, бекер эмес. Акылуу иш. Отурган үйдүн орду, малдын жайыты акылуу болду (Элебаев). 2. Бирдемеге укугу бар, укуктуу. Алар ушундай улуу баатырдык кылган өздөрүнүн уулу менен сыймыктанууга акылуу («Советтик Кыргызстан»). Өзүнүн орду на башкаларды жалдап жиберүүгө акылуу (Турусбеков).
АКЫЛУУ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ КЕЛИШИМИ – аткаруучу тапшырык ээсинин тапшыруусу боюнча кызмат көрсөтүүгө (белгилүү иштерди бүткөрүүгө же белгилүү ишкердикти жүзөгө ашырууга), ал эми тапшырык берүүчү алардын акысын төлөөгө милдеттенген келишим.
советник (тот, кто даёт советы), советчик; Кудайназарга жолду баштатып, Алтыбайды акылчы кылып фольк. путеводителем дал Кудайназара, а советником сделал Алтыбая; жанымда жеңе акылчы фольк. у меня советница жеңе (см.).
Эмне кыларын биле албай, эмне экенине түшүнө албай, башы маң болгон абалда калуу. Ушинтип башына нечен суроолор келип, акылы айран болуп түйшөлүп жатып, таңга маал көзү илинди (Саатов). В.: Акылы айран таң болуу. Айтор, көзү көргөн окуяга Сагындын акылы айран таң болду (Осмоналиев). Акылым айран таң болуп, Коңурдун башы маң болуп («Семетей»). Кечиресиз, эмне болуп жатканына акылым айран таң болуп турат (Борбиев). Акылы айран калуу. Ойлонуп отуруп акылың айран калат, айылда чаар киши калбай баратат (Сыдыкбеков). Ушунчалык коромжулукка учуратканына акылың айран калат («Чалкан»).
Эмне кыларын биле албай, эмне экенине түшүнө албай, башы маң болгон абалда болуу. Ушинтип башына нечен суроолор келип, акылы айран болуп, түйшөлүп жатып, таңга маал көзү илинди (Саатов).
к. АКЫЛЫ АЙРАН БОЛУУ Айтор, көзү көргөн окуяга Сагындын акылы айран таң болду (Осмоналиев). Кечиресиз, эмне болуп жатканына акылым айран таң болуп турат (Борбиев).
Эмне экенин, жөн-жайын түшүнө бербөө, биле албоо. Ошол тырмактай балдар жасаган буюмдарга менин да акылым жетпейт («Ала-Тоо»). Кантип булар мени таштап кетмек эле! Мүмкүн эмес, буга менин акылым жетпейт (Абдукаимов).
Өтө эстүү, көптү түшүнгөн, түшүнүктүү. Акылы тунук болбосо да арман кылышка болор эле (Медетов). Жамалдын акылы тунук (Сыдыгалиев). Акылың тунук жигит көрүнөсүң (Кыдырмышев).
Өтө эстүү, көптү түшүнгөн, түшүнүктүү. Акылы тунук болбосо да арман кылышка болор эле (Медетов). Жамалдын акылы тунук (Сыдыгалиев). Акылың тунук жигит көрүнөсүң (Кыдырмышев).
АКЫЛ-ЭС — адамдын түшүнүү, ой-жүгүртүү, таанып билүү жөндөмдүүлүгү. Таанып-билүү жөндөмдүүлүгүнүн мүнөздөмөсү катары А.-э. «Манас» эпосунда философиялык, психологиялык, тарыхый жана башкалар жагдайларда чагылдырылып жана адамдардын ойлоо аракеттерине, эй жүгүртүү өрүшүнө байланыштуу көрүнөт. Муну «Манас» эпосунун энциклопедиялык өзгөчөлүгү, башкача айтканда эпосто элдин көп кылымдык тарыхы ичиндеги дүйнө түшүнүктөрүнүн кеңири камтылып турушу, аалам, коом, жаратылыш тууралуу түрдүү деңгээлдеги билимдердин, маалыматтардын топтолушу толук ырастайт. Ушул жагдайда «Манас» А. э-тин (память) сандыгы катары бөтөнчө мааниге ээ. Себеп дегенде ал, асыресе ата-бабалардын өткөндөгү тажрыйбасы болуп, узак мезгилдер бою А. э-тин терең түпкүрүндө сакталуу менен учурдагы жана келечектеги муундар үчүн ченемсиз кызмат кыла турган касиетке жетише алган. Бул касиет бөтөнчө эпосто социалдык А. э-тин чагылдырылышынан даана байкалат. Эпосто эмгек куралдары, социалдык мамилелер, салттар, жүрүш-туруш нормалары өңдүү элдин материалдык, рухий маданиятына байланышкан маанилүү маалыматтар өтө көп. Эпостогу элдин эркиндик, келечек турмушу үчүн күрөш-аракеттери, тажрыйбалары, осуяттары көңүлдү өзүнө айрыкча бурат. Эпос боюнча кытай-калмактар кыргыздар менен эзелтен жоолашып келишкен. Улам бири жеңип, жеңилгени көз каранды болуп турган. Эпостогу Манастын атасы Жакыптын кырк үйлүү кыргыз менен Алтайга айдалып барышы буга мисал. Бөтөн эл, бөтөн жерде, кара калмак, манжуу журттан запкы жеп, «кордук менен күн өткөрсө, кейиш менен суу ичсе» да, Жакып абдан байыйт. Элдин турмушу да оңолот. Бирок, кырк үйлүү кыргызды, кантсе да, бул абал эч канааттандыра албайт:
Алтайды айттың жерим деп,
Сен калмакты жүрдүң элим деп,
Бул Алтай бизге жер эмес,
Бул калмак бизге эл эмес (Саякбай Каралаев, 1. 69).
Кырк үйлүү кыргыздын көздөгөн түпкү максаты, тилеген тилеги — ата-бабасы мекендеп өткөн Ала-Тоого кайра кетүү. Манас эр жетип элди душмандан коргой ала турган баатыр болуп, катылгандын катыгын колуна бере баштаганда:
Жыйгандын баарын чачалы,
Бул алтайдан качалы,
Ала-Тоо артык жерине
Кетели кыргыз элине (Саякбай Каралаев, 1. 84)
деген тыянакка келишет. Бул мисалдардан кыргыздардын аң-сезиминдеги мекен жөнүндөгү түшүнүктүн башатын байкоо кыйын эмес. Алтай канчалык берекелүү келип, малга, данга, дүйнөгө карк кылса да, кыргыздар үчүн бөтөн жерде, бөтөн элдеги жашоо турмушу туулуп өскөн жерисиз, ата журтусуз эч нерсеге арзыбай тургандыгы көз алдыга айкын тартылат. Тарыхтын көп кырдуу коогалуу окуяларына, трагедиялуу кагылыштарына карабастан, кыргыздар өз жерин, өз элин сүйүү сыяктуу түшүнүктү А.-э-ине бекем сактап келди. Маселен, патриоттук ыйык, күчтүү сезимден ажыратуу үчүн кытайлар, калмактар кыргыздарды туш тарапка таратып гана тим болгон эмес. Алардын айрымдарын (мисалы, Көзкамандарды) эрксиз күң, денекул кылышып, ал түгүл башына шири кийгизип, маңкурт кылып, өзүнүн түпкү тамырынан ажыратып, тегин, элин, ата-энесин, өзүнүн ким экенин, кайдан келгенин аңдай албай, ээсинин айтканынан чыкпаган абалга жеткиришкен. Өткөндүн мындай коркунучтуу көрүнүштөрүн эске алуу бүгүнкү күндө адамдарды А.-э-ти жоготпоого, аны бекем сактоого үндөйт. Дегеле А.-э-те сакталган маалыматты жаңы маалымат менен салыштыруу объективдүү чындыкты улам тереңирээк аңдап билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Улуу эпос «Манас» көптөгөн муундардын А.-э-инин жыйындысы катары ченемсиз маалыматтарды камтып тургандыгы менен улуттук жана рухани маданиятыбыздын зор кенчи, кыргыз элинин көркөм ойлоосунун көөнөрбөс мурасы, көп кылымдык тарыхынын көркөм эстелиги болуп турат.
О. Исмаилов
АКЫЛ-ЭСИ ЖАЙЫНДАЛЫК – кылмыш-жаза укугунда психикалык саламаттыгы жайында болгон адамдын абалы; өз аракеттери үчүн жооп берүүдөн жана аларды башкаруудан көрүнөт. А.-э. ж. күнөө коюунун жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун зарыл шарты болуп саналат. А.-э. ж. эгер соттук-психиатриялык экспертиза ага карама-каршы жыйынтык чыгарбаганда гана анык болот.
АКЫЛ-ЭСИ ЖАЙЫНДА ЭМЕСТИК – адамдын коомдук коркунучтуу жосун жасаган убакта акыл-эси жайында эмес болгон, башкача айтканда психикалык өнөкөт оорунун, психикасынын убактылуу бузулушунун, кем акылдыгынын же болбосо психикасынын башка оорулуу абалынын кесепетинен өзүнүн аракеттерине (аракетсиздигине) жооп бере албаган же аларды башкара албаган абалы. Акыл-эси соо эмес деп таанылган адамга сот тарабынан медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулушу мүмкүн, ошондой эле ал адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.
Эсине келүү, мурдагы өзүнүн абалында болуу (көбүнчө эсинен танып, эс-учун билбей калган учурларга карата). Түнкү салкын абага сергий түшкөн Бүкөн акыл-эсин жыйып, боолголоп айлана-чөйрөсүнө көз жүгүрттү (Абакиров).
Эсине келуу, мурдагы өзүнүн абалында болуу (көбүнчө эсинен танып, эс-үчүн билбей калган учурларга карата). Түнкү салкын абага сергий түшкөн Бүкөн акыл-эсин жыйып, боолголоп айлана-чөйрөсүнө көз жүгүрттү (Абакиров).
Эч нерсени сезбей, өзүн жоготуп коюу, эс-учун жоготуу. Бирок ал бул суроолорго жооп издеген жок, тек гана акыл-эстен танган немедей өзүнчө кобурай берди (Исмаилов).
Эч нерсени сезбей, өзүн жоготуп коюу, эс-үчүн жоготуу. Бирок ал бул суроолорго жооп издеген жок, тек гана акыл-эстен танган немедей өзүнчө кобурай берди (Исмаилов).