АКЫЛБЕК Энциклопедия "Манас". ч.1. АКЫЛБЕК — эпизоддук кейипкер. Орго кан жеңилгенден кийин Акунбешим паашага каршы жөнөмөкчү болуп Манас кеңеш курганда эл билермандарынын ичинде анжыяндыктардын өкүлү катары аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 94).