1. имеющий право;
шайлоого акылуу имеющий избирательные права;
2. платный;
акылуу концерт платный концерт.
сын. 1. Акы төлөнө турган. Отурган үйдүн орду, малдын жайыты акылуу болду (Элебаев).
2. Укуктуу, укугу бар. Муну угуп Темир да өзүнүн жанындагы сырды чечишке акылуу болду (Сыдыкбеков).
1. Акы төлөнө турган, бекер эмес. Акылуу иш. Отурган үйдүн орду, малдын жайыты акылуу болду (Элебаев). 2. Бирдемеге укугу бар, укуктуу. Алар ушундай улуу баатырдык кылган өздөрүнүн уулу менен сыймыктанууга акылуу («Советтик Кыргызстан»). Өзүнүн орду на башкаларды жалдап жиберүүгө акылуу (Турусбеков).
АКЫЛУУ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ КЕЛИШИМИ – аткаруучу тапшырык ээсинин тапшыруусу боюнча кызмат көрсөтүүгө (белгилүү иштерди бүткөрүүгө же белгилүү ишкердикти жүзөгө ашырууга), ал эми тапшырык берүүчү алардын акысын төлөөгө милдеттенген келишим.