сын. 1. Акыл жөндөмдүүлүгү төмөнүрөөк, эстүү эмес; жөн билги эмес.
Акылсыз, арсыз дөдөйлөр Адамга сырттан баа берер (Элебаев).
Акылсызга бак консо, башын чулгуйт ойдолоп (Осмонкул).
- 2. Тилдегенде, жемелегенде айтылуучу сөз. Акылсыз, урган кырк жигит Ат алып келер болсочу («Курманбек»). Акылсыз, буга белек жиберип эмне кылат («Ала-Тоо»).
1. Эси жок, кем акыл, эселек. Кесепеттүү акылсыз, Өзүнө кылган кастыгы, Колхозго кызмат кылбаса Кайдан болот аштыгы (Тоголок Молдо). Акылсыз, арсыз дөдөйлөр Адамга сырттан баа беpep (Элебаев). 2. Тилдегенде, жемелегенде айтылуучу сөз. Акылсыз, урган кырк жигит Ат алып келер болсочу («Курманбек»). Акылсыз, буга белек жиберип эмне кылат («Ала-Тоо»).
отсутствие ума, глупость.
зат. Акылы жоктук, акылсыз адамга таандык сапаттар.
акылсыздык, акылсыздыгы, акылсыздыкка
Эси жоктук, акылы жоктук, кем акылдык, эселектик. Ошондо меники акылсыздык же балалык экенин билбейм, айтор Шадыкандын сөзү көңүлүмө кирбеди (Элебаев).