акылсыз
Толковый словарь кыргызского языка (1969)сын. 1. Акыл жөндөмдүүлүгү төмөнүрөөк, эстүү эмес; жөн билги эмес. Акылсыз, арсыз дөдөйлөр Адамга сырттан баа берер (Элебаев). Акылсызга бак консо, башын чулгуйт ойдолоп (Осмонкул).
- 2. Тилдегенде, жемелегенде айтылуучу сөз. Акылсыз, урган кырк жигит Ат алып келер болсочу («Курманбек»). Акылсыз, буга белек жиберип эмне кылат («Ала-Тоо»).