Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. Бири-бири менен кеңештеш, сырдаш, пикирлеш. Акылдаш жакын адамга Айткым келет сырымды (Осмонкул). Акылдашым кырк жигит, Айбатымсың баарың тең («Курманбек»).
АКЫЛДАШ II этиш. Кеңешүү, пикир алышуу. Каныбек өзүнүн оюн айтып, Кебек менен да акылдашты (Жантөшев).