АКЫЛГА ДЫЙКАН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Акылга бай, даанышман, акылдуу. Акылга дыйкан Каныштын, Алда кандай сөзү бар, Кабарын угуп алыңыз («Манас»). Айтылуу чечен Ажыбай, Акылга дыйкан эреним («Манас»). Толубай сынчы өзү – акылга дыйкан, билгич, кыраакы адам (Бейшеналиев). Тоголок Молдонун акылга дыйкан экендигине кулдук уруп багынуу ылайык (Бейшеналиев).