АКЫЛДА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Шашкандан, корккондон же катуу сүйүнгөндөн ж. б. жүрөк лакылдап согуп, кан тамырлары катуу кагып дем алалбай аптыгып калган абал. Канчалык баатыр болсо да, Акылдайт жүрөк акылдайт (Жантөшев). Негедир Айымдын жүрөгү акылдайт («Ала-Тоо»). 2. Бир нерсеге катуу умтулуу, катуу каалап, самап, эңсөө. Акылдабай тынгын да, Адал эмгек кылгын да (Шүкүрбеков). 3. Кээде алкылда маанисинде да учурайт.