көч I кочёвка, перекочёвка; көч байсалдуу болсун, көнуш жайлуу болсун! (пожелание перекочёвывающим) да будет перекочёвка спокойной, остановка (см.конуш I 2) удобной!; көч жүрө-жүрө түзөлөт погов. кочёвка на ходу выравнивается (т.е. всё делается постепенно); ачтан өлбөйт, көчтөн калбайт живёт он средне, не очень сыт и не очень голоден (букв. с голода не умирает, от кочёвки не отстаёт); көч башта- 1) начинать перекочёвку; 2) возглавлять перекочёвку. көч- II 1. кочевать; переселяться; көчүп кел- прикочевать; көчүп кет- откочевать; көчүп жүр- кочевать; көчкөн журтуңдун баркын конгон журтуңда билесиң погов. ценность места, откуда ты откочевал, познаешь там, куда прикочуешь; жарды болсоң, көчүп көр погов. если ты беден, попробуй перекочевать (откуда что берётся!); үйүңдүн байлыгын көчкөндө көрөсүң погов. богатство своего дома увидишь при перекочёвке (когда нужно собирать всё имущество); класстан көч- перен. перейти в следующий класс; 2. произойти - о горном обвале, оползне; жер көчкөндөй 1) будто обвал произошёл; 2) перен. страшный гром и разрушение; бөлөк маселеге көч- перейти к другому вопросу; дүнүйөдөн көч- умереть; үч (или беш) көчкөн журттай көөнүм калды (или түңүлдүм) я в нём (или в этом) совсем разочаровался, я потерял всякую веру, всякую надежду.
I зат. Бир орундан экинчи орунга конуш которуу үчүн келе жаткан жүк, кире. — О, жеңелер, көч байсалдуу болсун! [деди Дайыр] (Жантөшев). Чыгыш тараптагы жол менен кетип бараткан калың көч Шамырбек датканын көчү (Жантөшев).
КӨЧII этиш.1. Конуш же орун которуу үчүн бир жерден экинчи жерге карай жүктөрү менен жөнөө. Биздин айыл Ат-Башыдан күзүндө көчтү («Ала-Тоо»).
2. Шахмат, шашка, тогуз коргоол ж. б. оюндарда ташты, фигураны жүрүү, бир клеткадан же бир уядан экинчисине жылдыруу. Абышка шарактатып кумалактарды көчүп жаткан экен (Убукеев).
3. Өтүү, биринен экинчисине түшүү.Талашып отурбай ыгына көчө калат (Жантөшев). Кой, сөздүн ачыгына көчпөсө болбойт (Каимов). Мына, иш чынына көчө турган болду (Каимов). Динаржан, сен ал жылы бешинчи класска гана көчөсүң (Сыдыкбеков).
Англис тилинде өтө көп колдонулган түрк сөздөрүнүн бири – соасh (коуч). Негизги мааниси – «үстү жабык чоӊ араба». Европа тилдеринин этимологиялык сөздүктөрүндө соасh сөзүнүн төркүнүн алгачкы жолу ушундай араба жасалган Венгриядагы Kocs кыштагы менен байланыштырышат. Бирок айрым окумуштуулардын ою боюнча, бул пикир чындыкка анча коошо бербейт. Анткени бул сөз байыркы орус тилинде да болгон: кочь «көчкөндө колдонулуучу үстү жабык чоӊ араба». Кийинчерээк бул сөздөн кочевать, кочевник, кочевье, кош, кошевой, кощей, куча деген сыяктуу сөздөр пайда болгон. Ушундан улам алар бул сөз орустарга, венгерлерге жана немистерге (kutsche түрүндө) түрк тилдүү элдерден, тагыраак айтканда, түрк-аварлардан, а балким, алардын бабалары – гунндардан түздөн-түз өтсө керек деп божомолдошот.
Баруучу жайыңарга аман-эсен жеткиле деп, көчүп бара жаткандарга айтылуучу каалоо, жакшы тилек. О, жеңелер, көч байсалдуу болсун! –деди Дайыр (Жантөшев).
Бир орундан экинчи орунга конуш которуу үчүн келе жаткан жүк, кире. Эркек бала өңөрүп, Жеңекем көчтү баштаптыр («Эр Табылды»). Көч жөнөдү турбастан, Күркүрөп аккан суу кечип (Тоголок Молдо).
1. Конуш же орун которуу үчүн бир жерден экинчи жерге карай жүктөрү менен жөнөө, жол тартуу, барып орношуу. Жайлоонун чөбү саргарып, малдан сүт байыган кезде, айлыбыз менен күңгөйгө көчтүк (Сасыкбаев). 2. Бир жерден экинчи жерге которулуу, жылуу. Сур булуттар ары бери көчүп, алда кайда кетип жатты (Жантөшев). 3. Кулап, урап кетүү, жемирилип, урап отуруп, мурдагы калыбында болбой калуу. Ат кепенин аркасы көчүп кетиптир (Касымбеков). Жамгыр тийбей көчкүдөй Ак топурак жар беле (Токтогул). 4. Жүрүү, ордунан жылдыруу (шахмат, шашка, тогуз коргол оюндарында фигураны, ташты бир клеткадан же бир уядан экинчисине жүрүүгө карата айтылат). 5. Класстын, курстун ж. б. кийинкисине, жогоркусуна карай өтүү. Динаржан, сен күздө бешинчи класска гана көчөсүң (Сыдыкбеков). 6. Мурдагыдан башкача болуп өзгөрүү, башкага айланып кетүү. Мына, иш чынына көчө турган болду (Каимов).
оползень, обвал; снежный обвал; лавина; кар басырыла элек, көчкү коркунучу бар снег ещё не улежался, есть опасность обвала; көчкүдө калды он остался под обвалом, его задавило обвалом; өзү аман калып, кырк баатырын көчкү алып кетти сам он невредимым остался, сорок его богатырей задавило обвалом; малын көчкүгө алдырды его скот погиб под обвалом (он довёл до того).
Тоонун тик капталдарынан тоотек, кар массаларынын оордук күчүнүн натыйжасында ылдый карай кулап же көчүп түшүшү: Жер көчкү. Кар көчкү. Тоо көчкү. Кээде көчкү жүрүп, кар басып калабы деп да коркчубуз («Ала-Тоо»). Айлана бүт өзгөрдү, Көчкү алгандай дүңгүрөп («Кожожаш»).
КӨЧМӨ ИШ УСУЛУ – жумушчулардын туруктуу жашаган жерине күнүгө кайтып келүүнү камсыз кылуу мүмкүн болбогондо, туруктуу жашаган жеринен тышкары эмгектенүүсүн ишке ашыруунун өзгөчө таризи. К. и. у. иш берүүчүнүн жайгашкан жеринен иштөөчү жер алыс болгондо, жумушту кадимки усул менен аткарууга мүмкүнчүлүк болбогондо, ошондой эле ээн жерде, алыс жайгашкан же өзгөчө табигый шарттуу аймактардагы өндүрүштүк, социалдык ж. б. багыттагы объекттерди куруу, оңдоо, кайра куруу жана пайдалануу мөөнөттөрүн кыскартуу максатында колдонулат.
Отурукташпаган, бир жерден экинчи жерге көчүп жүргөн. Малына караган көчмөн журт ар кайсы кокту-колоттордо жалгыз-жарымдап олтура беришет (Сыдыкбеков).
көчө I 1. то же, что оруздама; 2. южн.то же, чтокөжө (здесь местами приготовляется из сорго); кылдуу көчө, түктүү эт фольк. пшённый взвар с волосом, мясо с шерстью (о неряшливой хозяйке). көчө II ир. 1. улица; кан көчө уст. большая, главная улица; 2. южн. два ряда людей, обращённых лицами друг к другу, с проходом между рядами; эл көчө болуп турат народ стоит в два ряда; 3. южн. место сбора при игре в прятки.
зат. Калк отурукташкан жердеги эки жээгине катар-катар үйлөр салынып, ортосунан жол өткөрүлгөн узун тилке. .. Машина «Б» кыштагынын мелтиреген кең көчөсүн аралай берди (Сыдыкбеков).
КӨЧӨ ЖҮРҮШҮ – мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, кызмат адамдарынын же жарандардын көңүлүн бурдуруу максатында, белгилүү бир багыт жана каттам менен жүрүш жасоо менен кандайдыр бир маселелерге өздөрүнүн каршы экендиктерин же алардын чечимдерин жана аракеттерин колдоолорун билдирүү үчүн адамдардын тобу тарабынан иштелген акция.
1. Калк отурукташкан жерлердин (шаардын, айыл-кыштактардын) эки жээгине катар-катар үйлөр салынып, ортосунан жол өткөрүлгөн узун тилкеси. Назаров туура көчө менен жогорулай басты (Убукеев). Кыздар ортоңку кең көчөгө өтүштү (Сыдыкбеков). 2. Үйдүн сырты, тыш жак, жалпы эле үйдөн сырткары болгон ачык жер. Көчөгө чыгуу. Көчөдө калуу.
КӨЧӨК — эпизоддук кейипкер, кыпчак баатыры. Араникте болгон согушта жекеге чыгып, каңгайдын Талап балбаны менен бетешип, анын күрсүсүнө такат кыла албай өлүм болот (Курама вариант, 1. 117).
КӨЧӨР — эпизоддук кейипкер, кыргыз баатыры. Кыяс Айчүрөктү олжологону келгенде Бөлөкбайдын уулу Акжолтой менен кошо Айчүрөктүн капкасын коргоп курман болот (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 334).
тот, кто решил откочевать, отделиться от своего рода навсегда и переселиться в другое место; көчөрмөн болсо, журтту жамандайт погов. кто решил переселиться, тот порочит людей (с которыми жил).
1. саженец, рассада;
тамеки көчөтү табачная рассада;
помидордун көчөтү помидорная рассада;
өрүк көчөтторү саженцы урюка; 2. тканый орнамент;
килем көчөт ковровый орнамент;
кылайып өңү солбогон алтын көчөт чоң килем фольк. большой ковёр с золотым орнаментом, цвет которого ничуть не поблёк; 3. этн. знахарский способ лечения заклинаниями.
зат.1. Кийин көчүрүп тигиш үчүн питомникте же башка ылайыкталган жайда уругунан же болбосо чырпыктарынан көөмп өндүрүлгөн жаш өсүмдүк. Алманын көчөтү. Капустанын көчөтү.
2. Нерсенин бетине кооздолуп түшүрүлгөн оймо-чийме, түр, сайма. Түрлүү көчөт гүлү бар, Килеми сонун кыргыздын (Барпы).
3. Бирөөнүн оорусун башка бир нерсеге (ташка ж. б.) дубалап көчүрүп, аны алыс алып барып таштоо менен оору киши айыгат деген түшүнүк боюнча дарымдоо жолу.
бири-бирине окшошпогон эки-үч элементтин айкалышынан турган түрдүн, сөлөкөттүн, көркөмдүктүн жердикке ирети менен алмашылып берилиши. Көчөт килемчиликтин, саймачылыктын, өрмөкчүлүктүн, чырмакчылыктын, негизги көркөм каражаты болуп саналат. Көчөт көчүрүү алмак-салмак орун алмаштыруу деген түшүнүктү берет. Ал аркылуу бир бүтүм орду түшүүгө мүмкүн. Чыгаан саймачылар, өрмөкчүлөр, килемчилер, чырмакчылар мунун ички сырларын мыкты чечмелей алышат. Көркөм көчөттөрдө жашоо-турмуш, кесипчилик, жаратылыш жана айбанаттар дүйнөсү элестелип турат.
1. Көчүрүп тигүүгө ылайыктап, питомникте же башка жайда өндүрүлгөн жаш өсүмдүк (дарак, бадал же жашылча өсүмдүгү). Өрүктүн көчөтү. Талдын көчөтү. Капустанын көчөтү. Көчөт отургузуу. Көчөт өндүрүү. 2. Бир нерсенин бетине кооздолуп түшүрүлгөн оймо-чийме, түр, сайма. Килем көчөт келтирип, Чырмап салган чийине (Тоголок Молдо). Алтын көчөт чоң килем, Чылк жибектен токулган («Манас»).
этн. Бирөөнүн оорусун башка бир нерсеге (ташка ж. б.) дубалап көчүрүп, аны алыс алып барып таштоо менен оору киши айыгат деген түшүнүккө байланыштуу ырым-жырым кылуу, дарылоо.
этиш.1. Көчөт тигүү, көчөттөрдү бир жерден экинчи жерге көчүрүү. Көчө салган айылга Көчөттөп тиккен тал кызык (Осмонкул).
2. Оймо-чийсе түшүрүү, саймалоо, түрдөө.
1. Көчөт тигүү, көчөттөрдү бир жерден, экинчи жерге көчүрүү. Көчө салган айылга Көчөттөп тиккен тал кызык (Осмонкул). 2. Оймо-чийме түшүрүү, саймалоо, түрдөө.
сын.1. Көчүрүлө турган көчөттөрү бар, көчөтү көп.
2. Оймо-чиймелүү, саймалуу, түр, көчөт салынган. Тушунда көчөттүү сонун килем тартылып туруучу (Сыдыкбеков).
Көчөт салып түрдөлгөн, оймо-чиймелүү, саймалуу. Тушунда көчөттүү сонун килем тартылып туруучу (Сыдыкбеков). Түрлүү-түрлүү көчөттүү Шырдак сатты, кайран эл («Жазгыч акындар»).
КӨЧПӨСБАЙ, Көчпөс — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта К-дын чабдары Агыштын Карала атынан кийин келгени айтылган эпизоддон башка учурларда Жанайдын атасы экендиги гана көрсөтүлөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 43, 61, 105, 178, 268).
Бир жерге тынч алып отура албоо, жаны жай албоо, жаны тынбай чарк айланып жүрө берүү. Аныкы да жөндүү. Ажы абамдын көчүгү жер жыттабайт (Бейшеналиев). Ал көчүгү жер жыттабай кечке кат артынан жүрөт (Жигитов).
Бир жерге тынч алып отура албоо, жаны жай албоо, жаны тынбай чарк айланып жүрө берүү. Чаргын көчүгү жер жыттабай, өндүрүштө демилге берет (Сыдыкбеков). Аныкы да жөндүү. Ажы абамдын көчүгү жер жыттабайт (Бейшеналиев). Ал көчүгү жер жыттабай кечке кат артынан жүрөт (Жигитов). В.: Көчүгүн жер бастырбоо. Ушул келин мен үйүнө бардым болду, көчүгүмдү жер бастырбай жумшай берет (Элебаев).
ягодица; көчүк сөөгү анат. копчик; көчүк кой- сесть; чапанын чечип, көчүгүнө коюп сняв пальто и подложив его под себя (чтобы сидеть); көчүгүн ташка койду он сел на камень; көчүгүн сала коюп повернувшись задом; ат көчүгүн сала койду лошадь повернулась задом (чтобы лягнуть); сегиз көчүк крестец; чөп көчүк (о человеке) размазня (о том, кто не умеет владетъ оружием, сидеть на коне и т.п.); көчүгүндү жерге тийгизип отур садись посвободнее (на пол, на землю, не скрещивая ноги или опуская седалище на пятки); көчүгүндү бас садись; көчүгүмдү жер бастырбай жумшайт он замучил меня работой (букв. заставляет работать, не давая присесть); араңдан зорго көчүгүн жер бастырдым я с большим трудом усадил его; аттанганда эле көчүгү кыйшык болчу дело с самого начала пошло из рук вон плохо (букв. он только-только сел верхом, а зад у него уже набок); бел көчүк место между поясницей и копчиком; көчүк жак сев. запад.
зат.1. Адамдын, жаныбарлардын белден төмөнкү, куймулчак жаккы бөлүгү, куйруктун түбү. Көчүккө коюп отурар бирдеме издеп, үйгө кирдим эле («Ала-Тоо»). Ок аюунун көчүк жагына тиет (Баялинов).
2. Нерсенин арткы бөлүгү, арт жагы, этек жагы, аяк жагы. Андрей мылтыгынын көчүгү менен тактайды акырын такылдатып койду (Сасыкбаев).
¨ Белкөчүк — адамдын, жаныбарлардын белден куйрукка чейинки бөлүгү. Жоон саныка, бел көчүгүнө минанын чачырандылары тийген («Советтик Кыргызстан»). Сегизкөчүк — куймулчак менен арка омурткасынын ашташкан жери. Чөпкөчүк — жүүнү бош, бөлбүрөк (атка жүрө албаган бош киши жөнүндө). Көчүкбасуу,көчүккоюу — отуруу, жай алып отуруу, бир аз отуруу. Кузьма көчүгүн басып, колундагы түйүнчөгүн жерге аярдап койду (Сасыкбаев).
1. Адамдын, жаныбарлардын белден төмөнкү, куймулчак жаккы бөлүгү, куйруктун түбү. Ок аюунун көчүк жагына тиет (Баялинов). Үзөнгүдөн бут тайып, Ээрден көчүк кылтайып («Манас»). 2. Нерсенин түп жагы, арткы бөлүгү, аяк жагы. Андрей мылтыгынын көчүгү менен тактайды акырын такылдатып койду (Сасыкбаев). Көчүгү кучак чоң комуз, Дутарларын тарттырып («Манас»). Кыргы менен кыргылап, Кундагынын көчүгүн Кара ашка ургулап («Манас»).
Бир аз отуруу, эс алуу. Асылбек текчеде отургандардын жанына көчүк басты (Абакиров). Өзүмүн кайгымы унутуп, алардын жанына барып көчүк бастым (Мырзаев).
Отуруу, бир аз отуруп жай алуу. Алыбек жалпак ташка көчүгүн коюп, отура кетти (Жантөшев). Мергенчи таштын үстүндө көчүк басып, папирос тарта баштады (Сасыкбаев).
расстояние, которое проходят при кочёвке в один приём; он эки көчүм жерден көчүп келип прикочевав с расстояния двенадцати перекочёвок; козу көчүм перекочёвка на близкое расстояние (букв. ягнячья перекочёвка).
көчүр I р. кучер; олтур бекем козголбой, - мен такшалган көчүрмүн стих. сиди крепко, не двигайся, я кучер опытный. көчүр- II понуд. откөч- II 1. переселять; айылды көчүр- переселять аул; 2. перен. переписывать; жер көчүргөн кыйкырык оглушительный, неистовый крик; жер көчүрүп акырып заорав громким голосом.
1. көч ІІ этишинин аркылуу мамилеси. 2. Көчөттөрдү экинчи бир жайга отургузуу, тигүү. Түрдүү-түрдүү өсүмдүк, Өндүрүп алып көчүрдүк (Тоголок Молдо). Мичурин кээде алма жыгачын таштакка көчүрчү экен (Сыдыкбеков). 3. Басылган же жазылган текстти кайрадан жазып чыгуу, кайра которуп жазуу. Ал кичине кезинде акындардын ырларын окуп, аны көчүрүп жазып алчу («Кыргызстан аялдары»).
зат. Мурунку жазылгандан көчүрүп жазылган жазуу, бир нерсенин көчүрүлгөн үлгүсү. Анын кагаздарын карап отуруп ал заседателдин биринчи катын жана ага берилген жооптун көчүрмөсүн гана тапты («САЖИ»).
carbon copy (noun)
A directive to an e-mail program to send a complete copy of a given piece of mail to another individual. The use of cc mail addressing, as opposed to directly addressing the mail to a person, generally implies that the recipient is not required to take any action; the message is for informational purposes only. In a cc directive, the fact that this recipient received the mail is printed in the mail header and is thus known to all other recipients.
КӨЧҮРМӨ — түп нуска деп эсептелген текстти толук чагылдырган кол жазма. Манастаанууда К. өзгөчө мааниге ээ. К. түп нусканы толук эмес, анын айрым үзүндүсүн, бөлүгүн гана чагылдырышы да мүмкүн (мисалы, Сагымбай Орозбаков вариантынын «Көкөтөйдүн ашы» бөлүгүнүн К-сү делип айтыла берет). «Манас» адеп жыйнала баштаган убактан тартып эле анын К-лөрү жаратыла баштаган. Ы. Абдыракманов Сагымбай Орозбак уулунун вариантын жазып жатканда анын жанында К. жасоо үчүн атайын адамдардын отургандыгы белгилүү. Ошондой эле К. Мифтаков да анын көпчүлүк бөлүгүн кайра көчүрүп чыккан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын 20—30-жылдардагы К-лөрү азыр да Кол жазмалар фондусуна түшүп жатат.
Манастаанууда К. жана вариант деген түшүнүктөрдү ажыратуу кээде атайын изилдөөнү талап кылат. Мисалы, Тоголок Молдо «Манастын» эпизоддорун өз колу менен бир нече ирет жазып чыккандыгы белгилүү. Манасчынын ар бир айтканы (Тоголок Молдодо жазганы) өзүнчө вариант болуп калышы да мүмкүн (к. «Манастын варианттары). Ошондой эле мурдагы жазылган даяр тексттен сөзмө-сөз көчүрсө, К. катары бааланууга тийиш.
Кол жазмалар фондусунда «Манастын» ар бир вариантынын түрдүү көчүрмөлөрү сакталып турат. Араб, латын, орус арибиндеги К-лөр менен бирге фотожазуу, фотокөчүрмө түрүндө сакталган нускалар бар. Изилдөөчүлөр пайдалануу үчүн даярдалган жумушчу К-лар да Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.
С. Кайыпов
1. Башка чыгарманы кайталап, аны толук кайра чагылдыруу максатындагы көркөм чыгарма. Толук кандуу көчүрмө түп нуска менен көлөмү жана техникалык каражаттары менен гана дал келбестен, аткарылыш сапаты менен да дал келиш керек. 2. Кандайдыр бир тексттин (кол жазманын, документтин ж. б.) көчүрүп жазылган, көчүрүлгөн үлгүсү. Токтомдун көчүрмөсү. Ал төраганын биринчи катын жана ага берилген жооптун көчүрмөсүн гана тапты. («Ала-Тоо»). || Бир нерсенин өзүндөй кылып кайра жасалган, тартылган үлгүсү. Портреттин көчүрмөсү. Картинанын көчүрмөсү.
cc (noun)
A directive to an e-mail program to send a complete copy of a given piece of mail to another individual. The use of cc mail addressing, as opposed to directly addressing the mail to a person, generally implies that the recipient is not required to take any action; the message is for informational purposes only. In a cc directive, the fact that this recipient received the mail is printed in the mail header and is thus known to all other recipients.
понуд. откөчүрт-; молдого көчөт көчүрттүр- этн. просить муллу переселить болезнь или несчастье из человека в другое существо (см.көчөт 3); куу башка көчөт көчүрттүрдү он устроил перенесение (болезни, несчастья) в высохший (человеческий) череп (для этого, с соблюдением соответствующего ритуала, брали высохший череп из могилы).
copy (verb)
To duplicate information and reproduce it in another part of a document, in a different file or memory location, or in a different medium. A copy operation can affect data ranging from a single character to large segments of text, a graphics image, or from one to many data files.
copy area (noun)
The cells that you copy when you want to paste data into another location. After you copy cells, a moving border appears around them to indicate that they've been copied.
и. д. откөч- II; көчүү-конуу перекочёвки (весь процесс: кочёвка и остановки); мал күткөн чарбалардын көчүү-конуусу аяктаган у хозяйств, имеющих скот, закончились перекочёвки (откочёвка на летние пастбища и возвращение на зимовку); сөздөн ишке көчүү керек необходимо перейти от слов к делу.