Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бир орундан экинчи орунга конуш которуу үчүн келе жаткан жүк, кире. — О, жеңелер, көч байсалдуу болсун! [деди Дайыр] (Жантөшев). Чыгыш тараптагы жол менен кетип бараткан калың көч Шамырбек датканын көчү (Жантөшев).
КӨЧ II этиш. 1. Конуш же орун которуу үчүн бир жерден экинчи жерге карай жүктөрү менен жөнөө. Биздин айыл Ат-Башыдан күзүндө көчтү («Ала-Тоо»).
  1. 2.                  Шахмат, шашка, тогуз коргоол ж. б. оюндарда ташты, фигураны жүрүү, бир клеткадан же бир уядан экинчисине жылдыруу. Абышка шарактатып кумалактарды көчүп жаткан экен (Убукеев).
  2. 3.                  Өтүү, биринен экинчисине түшүү. Талашып отурбай ыгына көчө калат (Жантөшев). Кой, сөздүн ачыгына көчпөсө болбойт (Каимов). Мына, иш чынына көчө турган болду (Каимов). Динаржан, сен ал жылы бешинчи класска гана көчөсүң (Сыдыкбеков).