көч
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыАнглис тилинде өтө көп колдонулган түрк сөздөрүнүн бири – соасh (коуч). Негизги мааниси – «үстү жабык чоӊ араба». Европа тилдеринин этимологиялык сөздүктөрүндө соасh сөзүнүн төркүнүн алгачкы жолу ушундай араба жасалган Венгриядагы Kocs кыштагы менен байланыштырышат. Бирок айрым окумуштуулардын ою боюнча, бул пикир чындыкка анча коошо бербейт. Анткени бул сөз байыркы орус тилинде да болгон: кочь «көчкөндө колдонулуучу үстү жабык чоӊ араба». Кийинчерээк бул сөздөн кочевать, кочевник, кочевье, кош, кошевой, кощей, куча деген сыяктуу сөздөр пайда болгон. Ушундан улам алар бул сөз орустарга, венгерлерге жана немистерге (kutsche түрүндө) түрк тилдүү элдерден, тагыраак айтканда, түрк-аварлардан, а балким, алардын бабалары – гунндардан түздөн-түз өтсө керек деп божомолдошот.