Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдын, жаныбарлардын белден төмөнкү, куймулчак жаккы бөлүгү, куйруктун түбү. Көчүккө коюп отурар бирдеме издеп, үйгө кирдим эле («Ала-Тоо»). Ок аюунун көчүк жагына тиет (Баялинов).
2. Нерсенин арткы бөлүгү, арт жагы, этек жагы, аяк жагы. Андрей мылтыгынын көчүгү менен тактайды акырын такылдатып койду (Сасыкбаев).
¨ Бел көчүк — адамдын, жаныбарлардын белден куйрукка чейинки бөлүгү. Жоон саныка, бел көчүгүнө минанын чачырандылары тийген («Советтик Кыргызстан»). Сегиз көчүк — куймулчак менен арка омурткасынын ашташкан жери. Чөп көчүк — жүүнү бош, бөлбүрөк (атка жүрө албаган бош киши жөнүндө). Көчүк басуу, көчүк коюу — отуруу, жай алып отуруу, бир аз отуруу. Кузьма көчүгүн басып, колундагы түйүнчөгүн жерге аярдап койду (Сасыкбаев).