Киргизско-русский словарь Юдахина
ягодица;
көчүк сөөгү анат. копчик;
көчүк кой- сесть;
чапанын чечип, көчүгүнө коюп сняв пальто и подложив его под себя (чтобы сидеть);
көчүгүн ташка койду он сел на камень;
көчүгүн сала коюп повернувшись задом;
ат көчүгүн сала койду лошадь повернулась задом (чтобы лягнуть);
сегиз көчүк крестец;
чөп көчүк (о человеке) размазня (о том, кто не умеет владетъ оружием, сидеть на коне и т.п.);
көчүгүндү жерге тийгизип отур садись посвободнее (на пол, на землю, не скрещивая ноги или опуская седалище на пятки);
көчүгүндү бас садись;
көчүгүмдү жер бастырбай жумшайт он замучил меня работой (букв. заставляет работать, не давая присесть);
араңдан зорго көчүгүн жер бастырдым я с большим трудом усадил его;
аттанганда эле көчүгү кыйшык болчу дело с самого начала пошло из рук вон плохо (букв. он только-только сел верхом, а зад у него уже набок);
бел көчүк место между поясницей и копчиком;
көчүк жак сев. запад.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдын, жаныбарлардын белден төмөнкү, куймулчак жаккы бөлүгү, куйруктун түбү. Көчүккө коюп отурар бирдеме издеп, үйгө кирдим эле («Ала-Тоо»). Ок аюунун көчүк жагына тиет (Баялинов).
2. Нерсенин арткы бөлүгү, арт жагы, этек жагы, аяк жагы. Андрей мылтыгынын көчүгү менен тактайды акырын такылдатып койду (Сасыкбаев).
¨ Бел көчүк — адамдын, жаныбарлардын белден куйрукка чейинки бөлүгү. Жоон саныка, бел көчүгүнө минанын чачырандылары тийген («Советтик Кыргызстан»). Сегиз көчүк — куймулчак менен арка омурткасынын ашташкан жери. Чөп көчүк — жүүнү бош, бөлбүрөк (атка жүрө албаган бош киши жөнүндө). Көчүк басуу, көчүк коюу — отуруу, жай алып отуруу, бир аз отуруу. Кузьма көчүгүн басып, колундагы түйүнчөгүн жерге аярдап койду (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын, жаныбарлардын белден төмөнкү, куймулчак жаккы бөлүгү, куйруктун түбү. Ок аюунун көчүк жагына тиет (Баялинов). Үзөнгүдөн бут тайып, Ээрден көчүк кылтайып («Манас»). 2. Нерсенин түп жагы, арткы бөлүгү, аяк жагы. Андрей мылтыгынын көчүгү менен тактайды акырын такылдатып койду (Сасыкбаев). Көчүгү кучак чоң комуз, Дутарларын тарттырып («Манас»). Кыргы менен кыргылап, Кундагынын көчүгүн Кара ашка ургулап («Манас»).