көчүр
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Бир орундан экинчи орунга которуу, орун алмаштыруу, башка жайга которуу. Корчу ажынын кемпирин коңшулары менен көчүрүп келгиле (Аалы).
- 2. Көчөттөрдү отургузуу, тигүү. Түрлүү-түрлүү өсүмдүк, Өндүрүп алып көчүрдүк (Тоголок Молдо). Мичурин кээде алма жыгачын таштакка көчүрчү экен (Сыдыкбеков).
- 3. Мурун жазылганды кайрадан жазып чыгуу, которуп жазуу. Кээде сыгып жүз барактын ичинен Сөздү терет бир топ жолун көчүрүп (Аалы).
- 4. Мурункусунан башкага которуу, башкача кылуу. Ал айылдыктар өзүнүн колхозун Чапаевдин атына көчүрүшкөн (Бейшеналиев).