Киргизско-русский словарь Юдахина
көчүр I
р.
кучер;
олтур бекем козголбой, - мен такшалган көчүрмүн стих. сиди крепко, не двигайся, я кучер опытный.
көчүр- II
понуд. от көч- II
1. переселять;
айылды көчүр- переселять аул;
2. перен. переписывать;
жер көчүргөн кыйкырык оглушительный, неистовый крик;
жер көчүрүп акырып заорав громким голосом.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир орундан экинчи орунга которуу, орун алмаштыруу, башка жайга которуу. Корчу ажынын кемпирин коңшулары менен көчүрүп келгиле (Аалы).
  1. 2.                  Көчөттөрдү отургузуу, тигүү. Түрлүү-түрлүү өсүмдүк, Өндүрүп алып көчүрдүк (Тоголок Молдо). Мичурин кээде алма жыгачын таштакка көчүрчү экен (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  Мурун жазылганды кайрадан жазып чыгуу, которуп жазуу. Кээде сыгып жүз барактын ичинен Сөздү терет бир топ жолун көчүрүп (Аалы).
  3. 4.                  Мурункусунан башкага которуу, башкача кылуу. Ал айылдыктар өзүнүн колхозун Чапаевдин атына көчүрүшкөн (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. көч ІІ этишинин аркылуу мамилеси. 2. Көчөттөрдү экинчи бир жайга отургузуу, тигүү. Түрдүү-түрдүү өсүмдүк, Өндүрүп алып көчүрдүк (Тоголок Молдо). Мичурин кээде алма жыгачын таштакка көчүрчү экен (Сыдыкбеков). 3. Басылган же жазылган текстти кайрадан жазып чыгуу, кайра которуп жазуу. Ал кичине кезинде акындардын ырларын окуп, аны көчүрүп жазып алчу («Кыргызстан аялдары»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Мурунку жазылгандан көчүрүп жазылган жазуу, бир нерсенин көчүрүлгөн үлгүсү. Анын кагаздарын карап отуруп ал заседателдин биринчи катын жана ага берилген жооптун көчүрмөсүн гана тапты («САЖИ»).

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
carbon copy (noun)
A directive to an e-mail program to send a complete copy of a given piece of mail to another individual. The use of cc mail addressing, as opposed to directly addressing the mail to a person, generally implies that the recipient is not required to take any action; the message is for informational purposes only. In a cc directive, the fact that this recipient received the mail is printed in the mail header and is thus known to all other recipients.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨЧҮРМӨ — түп нуска деп эсептелген текстти толук чагылдырган кол жазма. Манастаанууда К. өзгөчө мааниге ээ. К. түп нусканы толук эмес, анын айрым үзүндүсүн, бөлүгүн гана чагылдырышы да мүмкүн (мисалы, Сагымбай Орозбаков вариантынын «Көкөтөйдүн ашы» бөлүгүнүн К-сү делип айтыла берет). «Манас» адеп жыйнала баштаган убактан тартып эле анын К-лөрү жаратыла баштаган. Ы. Абдыракманов Сагымбай Орозбак уулунун вариантын жазып жатканда анын жанында К. жасоо үчүн атайын адамдардын отургандыгы белгилүү. Ошондой эле К. Мифтаков да анын көпчүлүк бөлүгүн кайра көчүрүп чыккан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын 20—30-жылдардагы К-лөрү азыр да Кол жазмалар фондусуна түшүп жатат.
Манастаанууда К. жана вариант деген түшүнүктөрдү ажыратуу кээде атайын изилдөөнү талап кылат. Мисалы, Тоголок Молдо «Манастын» эпизоддорун өз колу менен бир нече ирет жазып чыккандыгы белгилүү. Манасчынын ар бир айтканы (Тоголок Молдодо жазганы) өзүнчө вариант болуп калышы да мүмкүн (к. «Манастын варианттары). Ошондой эле мурдагы жазылган даяр тексттен сөзмө-сөз көчүрсө, К. катары бааланууга тийиш.
Кол жазмалар фондусунда «Манастын» ар бир вариантынын түрдүү көчүрмөлөрү сакталып турат. Араб, латын, орус арибиндеги К-лөр менен бирге фотожазуу, фотокөчүрмө түрүндө сакталган нускалар бар. Изилдөөчүлөр пайдалануу үчүн даярдалган жумушчу К-лар да Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.
С. Кайыпов

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башка чыгарманы кайталап, аны толук кайра чагылдыруу максатындагы көркөм чыгарма. Толук кандуу көчүрмө түп нуска менен көлөмү жана техникалык каражаттары менен гана дал келбестен, аткарылыш сапаты менен да дал келиш керек. 2. Кандайдыр бир тексттин (кол жазманын, документтин ж. б.) көчүрүп жазылган, көчүрүлгөн үлгүсү. Токтомдун көчүрмөсү. Ал төраганын биринчи катын жана ага берилген жооптун көчүрмөсүн гана тапты. («Ала-Тоо»). || Бир нерсенин өзүндөй кылып кайра жасалган, тартылган үлгүсү. Портреттин көчүрмөсү. Картинанын көчүрмөсү.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
cc (noun)
A directive to an e-mail program to send a complete copy of a given piece of mail to another individual. The use of cc mail addressing, as opposed to directly addressing the mail to a person, generally implies that the recipient is not required to take any action; the message is for informational purposes only. In a cc directive, the fact that this recipient received the mail is printed in the mail header and is thus known to all other recipients.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от көчүрт-;
молдого көчөт көчүрттүр- этн. просить муллу переселить болезнь или несчастье из человека в другое существо (см. көчөт 3);
куу башка көчөт көчүрттүрдү он устроил перенесение (болезни, несчастья) в высохший (человеческий) череп (для этого, с соблюдением соответствующего ритуала, брали высохший череп из могилы).