Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. көч ІІ этишинин аркылуу мамилеси. 2. Көчөттөрдү экинчи бир жайга отургузуу, тигүү. Түрдүү-түрдүү өсүмдүк, Өндүрүп алып көчүрдүк (Тоголок Молдо). Мичурин кээде алма жыгачын таштакка көчүрчү экен (Сыдыкбеков). 3. Басылган же жазылган текстти кайрадан жазып чыгуу, кайра которуп жазуу. Ал кичине кезинде акындардын ырларын окуп, аны көчүрүп жазып алчу («Кыргызстан аялдары»).