Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Калк отурукташкан жерлердин (шаардын, айыл-кыштактардын) эки жээгине катар-катар үйлөр салынып, ортосунан жол өткөрүлгөн узун тилкеси. Назаров туура көчө менен жогорулай басты (Убукеев). Кыздар ортоңку кең көчөгө өтүштү (Сыдыкбеков). 2. Үйдүн сырты, тыш жак, жалпы эле үйдөн сырткары болгон ачык жер. Көчөгө чыгуу. Көчөдө калуу.