Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көчүрүп тигүүгө ылайыктап, питомникте же башка жайда өндүрүлгөн жаш өсүмдүк (дарак, бадал же жашылча өсүмдүгү). Өрүктүн көчөтү. Талдын көчөтү. Капустанын көчөтү. Көчөт отургузуу. Көчөт өндүрүү. 2. Бир нерсенин бетине кооздолуп түшүрүлгөн оймо-чийме, түр, сайма. Килем көчөт келтирип, Чырмап салган чийине (Тоголок Молдо). Алтын көчөт чоң килем, Чылк жибектен токулган («Манас»).