кайт I көнүлү кайт болду он разочаровался; каргаганы кайт болбос его проклятие не отвратится (т.е. неминуемо приведёт к печальным последствиям). кайт- II 1. возвращаться; уходить, приходить (уезжать, приезжать) обратно; (о стреле, пуле) отскакивать (ударившись обо что-л. твёрдое); качан кайтасың? когда ты возвращаешься (едешь, идёшь обратно) ? кайжерден кайтабыз? откуда мы возвратимся (до какого пункта дойдём, доедем и повернём обратно) ? кайтып баратат он едет (идёт) обратно (туда); кайтып келатат он едет (идёт) обратно (сюда); кайтып ал- взять обратно; кайтып бер- отдать; 2. отказываться, отвращаться; айтканымдан кайтпайм я от своих слов не откажусь; бет алган ишинен кайтпаган киши упорный человек; настойчивый в достижении цели; таштан кайтпаган (о человеке) смелый, отчаянный; дүйнөдөн кайт- умереть; күчү кайтты силы покинули его.
этиш.1. Кайра жөнөө, келген жерине кетүү, кайра келүү. Биз айылга кайттык (Сыдыкбеков). Матрёна Петровна кызматтан үйүнө кайтты (Сасыкбаев).
2. Мурдагыдай болбой калуу, басаңчалоо, күчү кетүү, начарлоо. Түш ооп, күндүн ысык илеби кайткан (Таштемиров). Белден күч кайтты (Жантөшев).
¨ Дүйнөдөнкайтуу — өлүү, каза болуу, дүйнөдөн көзү өтүү. Энең болсо былтыр ушул маалда дүйнөдөн кайткан (Сасыкбаев).
Кайра кайт, үйгө кайт сыяктуу учурларда айтылуучу кайт сөзү кай+ыт бөлүктөрүнөн куралган. Кай уңгусу «кайрыл, бурул» (ДТС, 406) маанисин берген. Ага аркылуу мамиленин -ыт мүчөсү уланып, кайыт сөзү жасалган. Ал байыркы түрк тилинде «свернуться, подвернуться, наклониться на сторону» (ДТС, 406) маанисин туюнткан. Кыргыз тилинде мүчөнүн башындагы ы тыбышы түшүп, кайт түрүнө келген.
1. Келген жагына кайра жөнөп кетүү. Сапар шахтадан күндөгүдөн кеч кайтты (Сасыкбаев). Сейилдиктен кайткан кыз-келиндер жалгыз аяк жолдо, кызыл-тазыл болуп чубап келатышат (Сыдыкбеков). Бешим ылдый, күн бата Базардан кайтып калды эми («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Жумшалган, сарп кылынган нерсенин (эмгектин, мээнеттин ж. б.) үзүрү көрүнүп, ийгилиги болуу, пайда чыгуу. Эмгегиң кайтып, көңүлүң көтөрүлсө экен, балам («Ала-Тоо»). Мээнетибиз кайтты – үйлүү-жайлуу болдук, мал күттүк (Айтматов). Силердин да акыбетиңер кайтып, жакшы болгон тура («Ала-Тоо»). 3. Адепки абалынан төмөндөп кетүү, басаңдай түшүү, мурдагысындай болбоо. Күн уламдан-улам төмөндөп, илеби кайтып, Ала-Тоонун чокусуна жакындай берди (Баялинов). Мурдагыдай болбой, күүдөн-күчтөн кайтып калган кезимде мени курулай тамтаңдата бербегилечи («Ала-Тоо»). 4. Айткан, деген сөзүнөн, берген убадасынан жануу, баш тартуу, сөзүндө, убадасында турбоо, айтканын кайра алуу. Айтканынан кайтпаган – жигиттиктин белгиси (Каимов). Убадаңдан кайтарыңды билсем мен сенин эсебиңди мурда эле таап коймокмун, ага сен ишенип кой («Чалкан»).
деепричастие от кайт- II; кайтадан обратно, опять, снова; кайта башынан түш начинай сначала (снова, опять, ещё раз); кайта куруу перестройка; уст. реконструкция; кайта уюштуруу реорганизация; кайта өндүрүү эк. воспроизводство; кайта орнотуу восстановление.
такт. Кайра, кайрадан, кайра баштан. Амантур үйүнө барып.. кайта тартты (Убукеев). Акбар ордуна кайта отурду (Убукеев). [Каныбек].. бир караган нерсесин кайта-кайта карагысы келет (Жантөшев).
Кайта кел, кайта бар сыяктуу учурларда айтылган кайта сөзү кай+ыт+а бөлүктөрүнөн куралган. Кай «кайрыл, бурул» (ДТС, 406) уңгусуна аркылуу мамиленин -ыт мүчөсү уланган түрү кыргыз тилинде кайт түрүнө келген. Ага чакчыл -а мүчөсү уланганда кайта сөзү жаралып, тактооч маанисин берип калган.
Кайра, кайра баштан, кайрадан. Малчылар таңга жакын кайта чогулушту (Убукеев). Аны кылбай турган болсоң, ушул жерден кайта кет (Токомбаев). Бул ишке эртең кайта киришмей болбодукпу («Чалкан»).
этиш. Иштелген, жасалган ишти экинчи жолу иштөө, жасоо. Тихонов [кагазды] бир эмес үч кайталап окуп жиберди (Жантөшев). Динар аңгемени экинчи кайталап окуй баштады(Сыдыкбеков).
Иштелген, аткарылган же айтылган, кеп кылынган нерсени кайрадан жасоо, кайталап чыгуу, ошол эле аракетти кайрадан баштоо дагы кайтаруу. Бир айткан окуясын күнүгө кайталайт (Жантөшев). Баштыктын оозун эки-үч кайталап, шоона менен кайып таштады (Байтемиров). Динар аңгемени экинчи кайталап окуй баштады (Сыдыкбеков).
recurring (adjective)
Pertaining to items that occur repeatedly. For example, an appointment or task that occurs on a regular basis, such as a weekly status meeting or a monthly haircut, can be designated as recurring.
Repeating Bending Process (proper noun)
A SmartArt graphic layout used to show a progression or sequential steps in a task, process, or workflow. Maximizes both horizontal and vertical display space for shapes. Does not emphasize directionality.
repeating table (noun)
A control on a form that contains other controls in a table format and that repeats as needed. Users can insert multiple rows when filling out the form.
recurring task (noun)
A task that occurs repeatedly during the course of a project. For example, you might define the weekly status meeting as a recurring task.
Турмушта сейрек учуроочу, дагы кайта боло бербеген, экинчи учурабай турган. Жаш авторлор Тянь-Шандын кайталангыс кооз жерин кыдырып, аны сүрөткө тартышкан («Советтик Кыргызстан»). Мындай окуя экинчи кайталангыс болуп, биротоло тыйылса экен («Ала-Тоо»).
repeating group (noun)
A group in the data source that can occur more than once. Controls such as repeating sections and repeating tables are bound to repeating groups.
КАЙТАЛАП КҮРӨӨГӨ КОЮУ – мурда күрөөгө коюлган мүлктү башка бир милдеттенмени камсыз кылуу үчүн кайрадан күрөөгө коюу. КР жарандык мыйзамдары боюнча кийинки күрөө кармоочунун талаптары ушул мүлктүн наркынан, бирок мурункусунун талаптарынан кийин гана канааттандырылат. Күрөө жөнүндө мурунку келишимде К. к. к-га тыюу салынбаса, К. к. к-га жол берилет. Күрөөгө коюучу арбир кийинки күрөө кармоочуга ушул мүлктүн мурда күрөөгө коюлганы жөнүндөгү баардык маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү жана бул милдетти аткарбагандыктан улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
КАЙТАЛАП ОБОГО ЧЫГАРУУ – мурда обого берилген чыгармаларды, үндөктөрдү, аткарылган ырларды жана спектаклдерди, оболук же кабелдик уюмдардын берүүлөрүн кайрадан обого чыгаруу.
этиш.1. Бир нерсени ар түрдүү коркунучтан, кол салуудан ж. б. сактоо, багуу, көздөө, кароо. Советтик чекти кайтарып, Жеңилбес кызыл эл турат (Үмөталиев). Бул атты минип, бүгүндөн нары жылкыны сен кайтар (Жантөшев).
2. Иштелген, жасалган ишти экинчи жолу жасоо, иштөө, кайталоо. Эмнеси болсо да, кайтарып бир айтып көрөйүнчү (Токтогул).
3. Бирөөдөн алган, берген нерсени кайра алуу, берүү. Албаймын деп шакекти Же кайтарып берген жок (Жантөшев).
4. Капа кылуу, көңүлүн калтыруу, шагын сындыруу, кагып коюу. Бербеймин деп айталбай, Атанын көөнүн кайтарбай («Эр Төштүк»). Кереч менен Баалыкан жеңемдин көңүлүн кайтарбагыла (Жантөшев). Сасыкбайдын тайманбаган сөздөрү Барпынын мизин кайтарды (Байтемиров).
5. Кайта артка кетирүү, чегинтүү, күчүн кетирүү, майтаруу. Отряд душмандын үч жолку койгон чабуулун кайтарды.
¨ Колкайтаруу — жооп кылуу иретинде уруу, чабуу, каршылык көрсөтүү. Кайра кол кайтарууга чама жок (Каралаев). Кол кайтарбаганым менен, каргапшилөөдөн тартынганым жок («Советтик Кыргызстан»). Жоопкайтаруу — жооп берүү, жооп айтуу. Кычан аткан октой шар жооп кайтарды (Бейшеналиев).
понуд. откайт- II 1. возвращать, отправлять назад; жооп кайтар- ответить; акы кайтар- возместить, вознаградить; адамдын акысын жер кайтарат земля вознаграждает человека (полностью возмещает вложенный труд); 2. делать что-л. повторно; катты эки кайтара окудум я прочитал письмо два раза; кайтара бастым я пошёл назад; 3. караулить, окарауливать, оберегать, охранять; пасти; бөрүдөн кайтар- охранять от волков; беши кайтардым разг. я караулил вещи (напр. ручной багаж); калк кайтар- охранять народ; өз боюн кайтар- быть насторожённым; бояться за себя, за свою жизнь; жылкы кайтар- пасти коней; кой кайтар-пасти овец; төө кайтар- 1) пасти верблюдов; 2) перен. выполнять нудную, надоедливую работу (пастьба верблюдов - нудная работа, так как верблюды ходят не стадом, а вразброд); сөз кайтар- или кеп кайтар-возражать, не соглашаться, противоречить, перечить; барбаймын деп айталбай, бармак болду Акбалта, катындын сөзүн кайтарбай фольк. не мог Акбалта сказать, мол, не поеду, не возразил жене и решил поехать; кимдер кебин кайтарса, кармап алып урду дейт фольк. кто ему перечил, того он ловил и бил; кол кайтар- поднять на кого-л. руку; атасына кол кайтарган он (такой негодяй, что даже) на отца своего руку поднял; көңүл кайтар- огорчить; көңүлүн кайтарбагыла вы его не огорчайте; өтүнүч кайтар- отказать в просьбе; курчун кайтар- или мизин кайтар- сбить спесь, запугать.
1. Бир нерсени ар кандай коркунучтан, кол салуудан (уруудан, душмандан ж. б.) сактоого камкордук кылуу, көздөө, кароо. Апам мени үй кайтарып зерикти десе керек («Жаш ленинчи»). Малчылардын жакшысы, Малын аман кайтарган (Осмонкул). Советтик чекти кайтарып, Жеңилбес кызыл эр турат (Үмөталиев). Эртеси мен үй кайтарышканы кеттим (Усубалиев). 2. Алган же берген нерсенин кайрып берүү же алуу. Кайтарып бергин калыңын, Намыс ишке карасаң (Токтогул). Албаймын деп шакекти, Же кайтарып берген жок («Мендирман»). 3. Дагы кайталоо, кайталап чыгуу. Эмнеси болсо да, кайтарып бир айтып көрөйүнчү (Токтогул). Бул романдын үзүндүсүн эки кайтарып окуп чыктым («Ала-Тоо»). 4. Сураганын, айтканын орундатпай, бирөөнү капа кылуу, шагын сындыруу, көңүлүн оорутуу. Барбаймын деп айта албай, Абаңдын сөзүн кайтарбай («Эр Табылды»). 5. Кайта артка кетирүү, чегинтүү, күчүн, мизин майтаруу. Взвод душмандын жасаган чабуулдарын кайтарып турду.
Кыргыз тилинде кайтар сөзү беш маани берет. Аны жылкы кайтар, короо кайтар, жооп кайтар, кайтарып айт, кайтарып бер, көөнүн кайтар, мизин кайтар, чабуулду кайтар ж. б. сыяктуу учурларда айтууга болот (КТТС, 205–206). Бул этиш кай+тар бөлүктөрүнөн турат. Кай уңгусу «кайрыл, бурул» (ДТС, 406) маанисин берген. Ага этиштин аркылуу мамилесинин -тар мүчөсү уланып, кайтар сөзү жаралган. Мындай -тар мүчөсү кыргыз тилиндеги кыстар этишинде даана көрүнөт.
Алгач кайтар сөзү «1) кайыр, бур; 2) кайтар, артка кетир, чегиндир» маанисин гана берген (ДТС, 408). Кийин андан кой кайтар, жооп кайтар, бергенин кайтар, көөнүн кайтар деген сыяктуу учурлардагы маанилери келип чыккан, Ошол кезде койду кайтаруу койду басып бара жаткан багытынан өзгөртүп, башка жакка кайрып коюу катары түшүнүлгөн. Азыркы кезде ал мааниси унутулуп, кой кайтаруу «койду багуу» катары түшүнүлөт.
1. Дагы кайрадан, экинчи ирет кайталап. Күүсүн эки-үч кайтара чертти (Бөкөнбаев). Азыраак сурап кайтара, Ишимди салды оңуна (Токтогул). 2. Артын карай, чегинте мизин кайтарып. Кайтара кууп баарысын, Кайраттуу Олжоң жеңди эми («Олжобай менен Кишимжан»).
1. Туш тарабы тик келип, мал чыгып кете албагыдай болгон тоо ичи. 2. Тоо айбандарынын ар кайсы жактан айланып келип бир жерге токтой турган жайы. 3. Күрөшкөндө биринчи адам экинчи кишини оң бутунан чалса, экинчиси беркини сол бутунан чалып, белден оң кол менен алып, өзүн көздөй тартып, сол кол менен оң ийинди басып же түртүп жыгуунун ыгы. Керим Авазды кайтарма менен жыкты.
понуд. откайтар-; бөрүгө кой кайтартпа погов. не поручай волку пасти овец; кичинекей кызды (или кызга) козу кайтартты он поручил маленькой девочке пасти ягнят; жылкы кайтарт- поручать пасти коней; ат кайтартып коюшту, Молдожаш сындуу балага фольк. коней они поручили сторожить такому пареньку, как Молдоджаш; төө кайтарт- 1) поручать пасти верблюдов; 2) перен. поручать нудное, надоедливое дело (пастьба верблюдов - нудная работа, так как верблюды ходят не стадом, а вразброд).
и. д. откайтар-; жылкы кайтаруу пастьба коней; үй кайтаруу охрана дома; жүргөн-турган шаарга кайтарууну көп койгон фольк. он ставил большую охрану в тех городах, где бывал.
1. Бир нерсени кароолдоп, көздөп туруучу, кароолчу. Сарайды, кампаны кайтаруучу киши дүкөнчү. 2. Малды көздөгөн, мал жайып, кайтарып жүрүүчү адам, малчы. Ат кайтаруучу. Музоо кайтаруучу.
КАЙТАРЫЛМА БАЖЫ АЛЫМЫ – мурда ташылып келинген товарларды иштетүүнүн жана кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган даяр өнүмдү кайра ташып чыгууда анын ээсине кайра кайтарылып бериле турган импорттук бажы алымынын өлчөмү. К. б. а. экспорттук товарлардын баасына атаандаштыкты жогорулатуу каражаттарынын бири болуп эсептелет.
КАЙТАРЫЛУУЧУ АЛЫМ – 1) мурда алынып келген товарларды иштетүүнүн натыйжасында алынган, даяр продукцияны ташып чыгууда төлөөчүгө кайтарылып берилүүгө жаткан импорттук алымдардын кошундусу; улуттук мыйзамдар менен жөнгө салынат жана м.: атамекендик чийки затты, материалдарды чет өлкөлүк окшош нерселерге алмашуунун негиздүүлүгүнө жараша өзгөрүп турат; 2) тарифтик жеңилдиктердин, преференциялардын түрү; КР бажы аймактарына ташылып келген жана/же андан КР мыйзамдарында белгиленген тийешелүү тартиптердин алкагында бажы көзөмөлү астында убактылуу ташылып чыккан товарларга карата; КР бажы аймагына чет өлкөлүк инвестициялары бар жана чет өлкөлүк ишканалары бар уюмдарына уставдык капиталына салым катары киргизилген, ошондой эле ошол ишканалар тарабынан өздүк өндүрүшүнүн товарларынын айрым түрлөрү катары продукцияларды бөлүү жөнүндө эларалык макулдашууларда каралган учурларда же чет элдик инвестицияларды өздөштүрүү мезгилинде чыгарылган; катышуучусу КР болуп эсептелген өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык чет өлкөлөрдө инвестициялык кызматташтык объектерин куруу үчүн комплекстүү берүүлөрдүн курамында чыгарылуучу; КР мыйзам актыларына ылайык аныкталуучу мамлекеттик муктаждыктар үчүн экспортко берүү көлөмүнүн чегинде КР бажы аймагынан чыгарылуучу товарларга карата берилет.
КАЙТАРЫМ ВЕКСЕЛИ – нааразылык көрсөтүлгөн вексель боюнча кээри кеткенин билдирүүчү адамдын, ошол акыркысы боюнча милдеткерлердин бирине койгон которум вексели.
feedback (noun)
Comments about a completed assignment that an educator makes during review and grading and that are available to the student once the grade is posted.
КАЙТАРЫМ КИРЕАКЫ – жүк ташуучуга байланышы жок себептерден улам, жүктү ташып жеткирилген бекетте калтырууга мүмкүн болбогон учурларда, жүктү кайра ташып келүү үчүн жүк ээси тарабынан төлөнө турган киреакы.
Обратные своп-операции (Reverse swap operations) —Операции по обмену денежных средств в иностранной валюте на эквивалентную сумму в национальной валюте с обязательством обратного обмена основных сумм и начисленных процентов по заранее оговоренным условиям в определенную дату в будущем.
КАЙТАРЫМ ТАЛАП – өз аракети аркылуу аткаруунун мындай юридикалык зарылчылыгына түрткөн үчүнчү жакка карата милдеттенмени аткаруучунун талабы. К. т. регресстүү деп да аталат, аны билдирген жак – регрессант (регредиент), ал эми К. т. билдирилген жак – регрессат.
Возвратный платеж (Chargeback ) —Платёж, возвращаемый банком-получателем платежа после проведения окончательного расчёта по ошибочно зачисленной сумме на его корреспондентский счёт.
chargeback (noun)
The return to a customer's account of funds that were used to purchase an item. This may occur as a result of a customer's contacting a bank to dispute a credit-card transaction.
КАЙТАРЫМ ЧЕК – туура эмес толтурулган документтерди төлөп берген учурларда төлөөчү банктын – эсеп палата мүчөсүнүн пайдасына жазылып берилген чектин өзгөчө түрү.