Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде кайтар сөзү беш маани берет. Аны жылкы кайтар, короо кайтар, жооп кайтар, кайтарып айт, кайтарып бер, көөнүн кайтар, мизин кайтар, чабуулду кайтар ж. б. сыяктуу учурларда айтууга болот (КТТС, 205–206). Бул этиш кай+тар бөлүктөрүнөн турат. Кай уңгусу «кайрыл, бурул» (ДТС, 406) маанисин берген. Ага этиштин аркылуу мамилесинин -тар мүчөсү уланып, кайтар сөзү жаралган. Мындай -тар мүчөсү кыргыз тилиндеги кыстар этишинде даана көрүнөт. Алгач кайтар сөзү «1) кайыр, бур; 2) кайтар, артка кетир, чегиндир» маанисин гана берген (ДТС, 408). Кийин андан кой кайтар, жооп кайтар, бергенин кайтар, көөнүн кайтар деген сыяктуу учурлардагы маанилери келип чыккан, Ошол кезде койду кайтаруу койду басып бара жаткан багытынан өзгөртүп, башка жакка кайрып коюу катары түшүнүлгөн. Азыркы кезде ал мааниси унутулуп, кой кайтаруу «койду багуу» катары түшүнүлөт.